Москвада бийиктиктен кулап каза болгон жаран Чүй облусунун жашоочусу экени аныкталды

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүКуруучунун каскалары. Архив
Куруучунун каскалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечим кабыл алынарын элчиликтен маалымдашты.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Москва шаарында курулуп жаткан "Солнцево" метро станциясынын казылган катлаванына кулап каза болгон кыргызстандык Чүй облусунун жашоочусу экени аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык шейшемби күнү болгон.

"Каза болгон жаран Чүй облусунун 43 жаштагы тургуну экени аныкталды", — деп айтылат билдирүүдө.

Бийиктиктен кулоо боюнча Москва шаарынын Солнцево райондор аралык тергөө бөлүмү иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечим кабыл алынарын элчиликтен маалымдашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0