БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Москванын батыш тарабында курулуп жаткан "Солнцево" метро станциясынын казылган катлаванына түшүп каза болгон киши Кыргызстандын жараны экенин КРдин Россиядагы элчилигинен билдиришти.
Кырсык шейшемби күнү болгон.
"16 метрлик бийиктиктен кулап каза болгон КР жаранынын аты-жөнү такталууда", — деп айтылат маалыматта.
Учурда окуянын чоо-жайы аныкталууда жана КР жараны иштеген курулуш компаниясынын жетекчилиги менен такай байланышта экенин элчиликтен баса белгилешти.
Маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү үчүн анын туугандары изделип жатканын дипөкүлчүлүктөн билдиришти.