БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Мамлекеттик мүлк фондусунун экс-төрагасы Шералы Абдылдаевге айып тагылып, ал издөөгө жарыяланды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Мамлекеттик мүлк фондусунун мурдагы төрагасы Шералы Абдылдаев "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана башка адамдарга карата козголгон кылмыш ишинин фигуранттарынын бири болуп саналарын маалымат кызматы жазды.
"Азыркы учурда ал (Абдылдаев — ред.) тергөө ишинен жашынып жүрөт. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча сыртынан айып тагылууда. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан Абдылдаевге баш коргоо чарасы камакка алуу чечими чыгарылып, ал издөөгө жарыяланды", — деп айтылат маалыматта.
УКМК анын кайда экенин аныктоо үчүн ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалады.
Эске сала кетсек, бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун ишин карап жатат.