00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Чикимбарумбей! 90-жылдардагы хиттер: аткаруучулар азыр кайда

© Sputnik / Гулдана ТалантбековаЭстрада ырчысы Мерген Тургандын архивдик сүрөтү
Эстрада ырчысы Мерген Тургандын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1990-жылдары кыргыз эстрадасында жаңы ысым, жаңы жүздөр пайда болуп, клип тартылган ырлар "мода" боло баштаган. Ал ырларды азыр уксаң да тажабайсың. Ал кезде хит болгон ырлардын аткаруучулары азыр кайда? Айрымдары чыгармачылыктан алыс кетпесе, кээ биринин жашоосу кандай болуп өзгөргөнү көпчүлүккө кызык болсо керек.

Ата-энелердин жаштык кезин, өзгөчө сезимдерин эске салган 1990-жылдардын хит ырларын Sputnik Кыргызстан агенттиги тизмектеп, алардын аткаруучулары азыр кайда экенин билип көрдү.

1. Алина Жетигенова. Эл оозуна "Кыздын сыры", "Көйрөң жигит" аттуу ырлары менен таанылган Алина Жетигенова 90-жылдардагы популярдуу ырчылардын катарын толуктайт. Учурда ырчы небере күтүп чоң апа, таене болуп, 52 жаштын чайын ичүүдө. Чыгармачылык менен алектенип, концерт берип, ыр жаздырып жүрөт.

2. Айчүрөк Иманалиева. Ырчынын "Роза гүлүм", "Кызыл гүл" ырларын убагында кыз-келиндер оозунан түшүрбөй кыңылдап ырдап калышкан. Мукам үндүү ырчы азыр деле сахна ажары. Жаңы ырларды жаздырып, клип тарттырып, айтор, чыгармачылыгы менен убара.

3. Абдымалик Шерматов. Бул ырчыны тойлордон эле анда-санда көрүп калганыбыз болбосо, азыр сахнага дээрлик чыкпай калды. Ырчы менен байланышканыбызда ал азыр кайрымдуулук иштери менен алектенип, өлкө аймагын кыдырып жүргөнүн айтты. Жакында эле көзү көрбөгөн азиздер арасында вокал боюнча сынак өткөрүп, жеңүүчүсү Айнагүл аттуу айымга үй салып бериптир.

4. Асель Турдалиева. Сакадай бою сары алтын атка конгон Асель Турдалиева ырчылык өнөрүн азыр деле улантып жүрөт. Ушу тапта Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство университетиндеги бир факультетти жетектейт.

5. Бек Борбиев. 50гө чукулдап калса дагы Бек Борбиев калыбынан жазбай ошол эле бойдон белгилүү, ырлары уккулуктуу. Анын ырлары убакыт-мезгилге карабай хит боюнча кала берди. Ырчы байма бай жеке концертин берип, жаңы ырларды жаздырып, чет жердеги мекендештерге концерт коюп турат.

6. "Биз" тобу. 1990-жылдан бери популярдуулугун жоготпой, хит ырларды жаратып келген ырчылардын катарында "Биз" тобу да бар. Топтун солисти Бактияр Токторов азыркыга чейин сахнадан кете элек.

7. Ибрагим Жунусов. "Эламан" деген ыры менен белгилүү болгон Ибрагим Жунусов азыр Кыргызстандын Түркиядагы ыйгарым укуктуу өкүлү. Буга чейин ал маданият министри кызматын аркалап, Жогорку Кеңештин депутаты да болгон.

8. Клара Алибекова. Назик үнү, жагымдуу жүзү менен Клара ал кезде канчалаган жигиттин жүрөгүнө чок салды болду экен. Чыгармачылыктан бир топ жыл алыстап кеткен ырчы азыр кайрадан жаңы ырларды жаздырып, тойлордо, концерттерге чыга баштады. Ырчы канча жаңы чыгарма аткарса да эл андан "Классташым", "Кыргызымдын жигиттери" ырларын суранып угат экен.

9. "Кербен" тобу. "Чикибарумбей — чикибарумбей" деген саптарды укканда көпчүлүктүн көз алдына өзгөчө стилде кийинген жигит менен кыздар элестейт. "Улак тартыш" ыры менен элдин эсинде калган "Кербен" тобунун солисттери Юсуп, Фарида жана Зулайка бир туугандар азыр чыгармачылыктан таптакыр башка чөйрөдө эмгектенишет. Юсуп Жолдошбеков — төрт баланын атасы, жеке ишкер болсо, Зулайка — балдар бакчасында музыка сабагынан мугалим. Ал эми Фарида калаада соода дүкөндөрдүн бирин иштетет.

10. Мерген Турган. "Ак бантикти" келиштире ырдаган Мерген Турганды актер, куудул катары да билебиз. Ал азыр сахнага көп деле чыкпай калды. Себебин толуп кеткендигине байланыштырган ырчы учурда баласы менен бирге адамдарды арыктатуучу клуб ачып, иштетип жатыптыр.

11. Расул Маматкулов. Жашы өткөнү эле болбосо бул ырчы азыр деле ошол калыбында. Анын "Ош — Бишкек жолунда" аттуу ырын кичине балдардан бери оозунан түшүрбөй ырдап калды. Бүгүнкү күндө Маматкулов тойлордо баасы кымбат ырчылардын катарында.

12. Динара Акулова. Бир топ ырлары менен угармандардын сүймөнчүгүнө ээ болгон Динара Акулованын азыр да кыргыз эстрадасында бараандуу орду бар. Апасынын жолун жолдоп кызы Малика да ырчылык өнөр менен алектенип жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0