Бишкекте мыйзамсыз орнотулган жарнама такталар алынууда

© пресс-служба мэрии города БишкекДемонтаж незаконно установленных рекламных конструкций в Бишкеке
Демонтаж незаконно установленных рекламных конструкций в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык бийлик алып салган объектилердин уруксат кагазы болгон эмес.

БИШКЕК, 31-май. — Sputnik. Бишкек шаарында мыйзамсыз орнотулган 45 жарнама такталары менен бир катар объектилер алынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Дарак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэрия: абайлагыла, дарактар бүгүн да кулашы мүмкүн
Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук администрациясы борбор калаанын көркүн бузган объектилерди алуу жаатында иш алып барды.

Анын негизинде Ахунбаев көчөсүндөгү тиешелүү документтери жок 25 штендер, Шакиров көчөсү менен Эркиндик бульварындагы төрт жеңил конструкция алынды.

Ошондой эле жергиликтүү бийлик тарабынан Панфилов жана Эмен багында мыйзамсыз соода кылган жарандардан 300 метрлик электр чубалгы, алты теннис столу, төрт адамдын күчүн өлчөй турган жабдуу жана алты жыгач орнотмолору алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0