Кыргызстандыктар интернет аркылуу пайдаланчу 6 кызмат

© Sputnik / Табылды КадырбековКомпьютерде иштеп жаткан адам. Архив
Компьютерде иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Онлайн-режимде никеге турууга же ажырашууга арыз берип, соттолбогондугуңузду тастыктап, атургай, паспорттун даярдалышына онлайн байкоо сала аласыз.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кыргызстанда 2015-жылы узун кезек күткүсү келбеген жарандар үчүн түзүлгөн мамлекеттик кызматтардын веб-порталы иштей баштаган. Сайт маалыматтык жана интерактивдик болуп экиге бөлүнөт.

Sputnik Кыргызстан мамлекет тарабынан сунушталчу бир нече онлайн-кызматтардын порталын карап, окурмандар үчүн тизмектеп чыкты.

ЗАГСка (ЖААК) арыз

Бүгүн никеге туруу үчүн гана эмес, ажырашууга да онлайн-арыз берүүгө болот. Акысы – 25 сом.

Никеге туруу үчүн төмөнкү документтерди электрондук форматта даярдоо зарыл:

  • Никеге турчу адамдардын паспорттору;
  • Никеге туруу боюнча биргеликте берилген арыз;
  • Тарап (же тараптар) мурда никеге турган болсо, никеси бузулгандыгы же өлүмү (жубайлардын биринин) тууралуу күбөлүк.

Ошондой эле үй-бүлөлүк абалды да текшерүүгө болот. Бирок эске алчу нерсе — порталга 2015-жылдан бүгүнкү күнгө чейинки гана никеге тургандар боюнча маалыматтар киргизилген. Бул кызмат бекер көрсөтүлөт.

Паспорт алууга тапшырык

Тапшырыкты онлайн тапшыруу үчүн мамлекеттик кызматтардын сайтына катталып, сунушталган иретте кадам жасайсыз:

  • арыз барагын толтурууга керектелген документтерди, сүрөт жана паспорттун электрондук үлгүсүн даярдоо;
  • өзүңүз, жолдошуңуз, ата-эне тууралуу жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен арыз барагын толтуруу. Суроо-талаптын аткарылышын Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук кызматтар порталындагы "Жеке кабинеттин" "Тарых" бөлүмүнөн тактоого болот.

Андан соң "РСК банкка" мамлекеттик алымды төлөө талап кылынат. Белгиленген убакытта келбесеңиз, каттооңуз жокко чыгарылат. Андан сырткары, аралыктан эле паспортуңуздун даяр болушун көзөмөлдөй аласыз.

Соттолбогондугу тууралуу маалым кат

Соттолбогондугу тууралуу тастыктаманы ИИМдин мамлекеттик кызматтар сайтынан алууга болот. Бул үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:

"Кызматтар" бөлүмүнө кирип, маалым катты алуу мөөнөтүн тандайсыз:

  • Бир сутка — 230 сом,
  • Үч сутка — 180,
  • 10 жумушчу күн — акысыз;
  • Паспорттогу жеке номериңизди киргизесиз;
  • Шаарды тандайсыз жана акысыз кызмат көрсөтүүнү тандаган болсоңуз, телефон номериңизди да жазасыз. Тутум сизге маалым катты алуу күнүн жана убактысын билдирет;

Эгер акы алынганы болсо, анда QuickPay терминалы аркылуу зарыл сумманы төлөп, билдирүүнү күтүүңүз керек;

Маалымкатты берүүчү жайга белгиленген күнү убактысында паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен келүү керек.

Убактылуу каттоо

Работа системы изготовления биометрических электронных паспортов - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда биометрикалык паспортту кантип алууга болот?
Онлайн-арыз тапшыруу үчүн электрондук кызматтар порталына катталып, андан соң "Убактылуу катталуу" баракчасынан кийин көрүнгөн схема менен кетүү керек. Сайтта электрондук форматта жүктөй турган документтер тизмеги көрсөтүлгөн.

Мындан сырткары, 119 номуру боюнча сурап-билүү кызматы иштейт. Андагы оператордун айтымында, онлайн-тапшырык түртүшө кезек күтпөөгө көмөк болгону менен даяр болгон документти алуу үчүн баары бир мамлекеттик мекемеге баш багууга туура келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0