Атамбаев: чек араны коргоонун жаңы формаларын киргизүү зарыл

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев куттуктоо сөз учурунда. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев куттуктоо сөз учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев куттуктоосунда чек арачылардын кесиби ары татаал жана жоопкерчиликтүү экенин баса белгилеп, оор кызматтын ысык-суугун тең бөлүшүп жүргөн алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө да ыраазычылык билдирип өттү.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы жалпы чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Президент куттуктоосунда чек арачылардын кесиби ары татаал жана жоопкерчиликтүү экенин баса белгилеген.

"Чептен эрдин күчү бек" демекчи, чек арачы болуу мекенге чексиз берилгендикти жана чыныгы кесипкөйлүктү, кыраакылыкты жана эрдикти талап кылган ардактуу жана абройлуу кызмат. Терроризм, контрабанда, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү менен күрөшүү – бул бүгүн чек арачылар аткарып жаткан иштердин бир чети эле", — деп президенттин куттуктоосунда айтылат.

Мамлекет башчы кесип ээлерине ден соолук, зор бакыт жана ийгиликтерди каалап өткөн. Ал ошондой эле өз сөзүндө чек араны коргоонун жаңы ыкмаларын киргизүү зарылдыгын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0