Ошто орозо айы бүткөнчө айрым машруткалар элди акысыз ташыйт

© Фото / Жанболот БердиевОш шаарында 107-каттамдагы коомдук транспорттун айдоочулары орозо айында элге акысыз кызмат көрсөтөт
Ош шаарында 107-каттамдагы коомдук транспорттун айдоочулары орозо айында элге акысыз кызмат көрсөтөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Демилге өлкөдө жол кырсыктары көп катталып жатканына байланыштуу орозо айында элден бата алуу максатында уюштурулган.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Ош шаарында 107-каттамдагы коомдук транспорттун айдоочулары орозо айында элге акысыз кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган каттамдын бригадири Матраим Асанов билдирди.

© Фото / Жанболот Бердиев107-каттамдын бир багыты студенттер шаарчасынан аэропортко, экинчи багыты Достук көчөсүнө чейин барат
107-я маршрутка в городе Ош - Sputnik Кыргызстан
107-каттамдын бир багыты студенттер шаарчасынан аэропортко, экинчи багыты Достук көчөсүнө чейин барат

Анын айтымында, эртеңден тарта күнүнө экиден маршрутка кезектешип жүргүнчүлөрдү бекер ташыйт.

"Өлкөдө жол кырсыктары көп катталып жатканына байланыштуу орозо айында элден бата алуу максатында ушул демилгени көтөрүп чыктык. Буга айдоочулардын баары макул болуп колдоп беришти. Биздин каттамда жалпы 60 маршрутка бар. Бир күнгө экиден маршрутка бөлсөк орозо айы бүткөнгө чейин жетет экен", — деди Асанов.

Намаз окуп жаткан мусулман. Архив - Sputnik Кыргызстан
Орозо кармагандарга тиешелүү 9 "болбойт"
107-каттамдын бир багыты студенттер шаарчасынан аэропортко, экинчи багыты Достук көчөсүнө чейин барат.

"Бир маршрутка күнүнө төрт айлампа жасайт. Жүргүнчүлөр жол киреге 10, окуучулар 1 сом төлөйт. Ал эми пенсионерлерге жеңилдетүү каралган эмес", — деди бригадир.

Асанов аталган каттамдын айдоочулары буга чейин да кайрымдуулук иштерди уюштуруп келгенин кошумчалады.

Ал эми Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин башкы адиси Алимжан Чаланов орозо башталгандан тартып бул демилгеге башка каттамдын айдоочулары да кошулары күтүлүп жатканын билдирди.

Ыйык Рамазан айында ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысын 2017-жылдын Орозо календарынан караңыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0