Кайгуул милициясы: рейд учурунда депутат айыпка жыгылды

© Sputnik / Элебесов МаксатБишкек ШИИБ Кайгуул милиция башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн эки күндүк "Техникалык абал" рейдинин жыйынтыгында 2273 протокол түзүлдү
Бишкек ШИИБ Кайгуул милиция башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн эки күндүк Техникалык абал рейдинин жыйынтыгында 2273 протокол түзүлдү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайгуул милиция кызматкерлеринин эки күндүк рейдинде бузук унаа айдап жүргөн айдоочуларга карата 2273 протокол түзүлдү.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Бишкек ШИИБ Кайгуул милиция башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн эки күндүк "Техникалык абал" рейдинин жыйынтыгында 2273 протокол түзүлдү. Алардын ичинде шаардык кеңештин депутаты дагы бар. Бул тууралуу Кайгуул милиция башкармалыгынын техникалык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Турусбек Абдыжапаров билдирди.

Бишкек шаарындагы кайырчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек милициясы тилемчилерди аныктап жатат. Арасында чет өлкөлүктөр бар
Рейд 22-майдан 24-майга чейин жүргүзүлүп, анда Кайгуул милиция кызматкерлери унааларына жарнама, сүрөт, жазууларды чаптап алган айдоочуларды токтотушкан. Ошондой эле терезелери караңгылатылган, темири мырыйып калган унаалар дагы текшерилген.

Эреже бузгандардын бири Бишкек шаардык кеңештин депутаты Темирлан Токобеков болуп чыкты. Ал унаасынын алдыңкы айнектерин караңгылатып алганы үчүн эки миң сом айыпка жыгылды.

"Бузулган унааларды башкарган айдоочулар мындан кийин деле каттала берет. Техникалык абалы начар унааларды колдонууга тыюу салыш керек. Себеби алар жолдогу айдоочуларга тоскоолдук жаратып, коркунуч туудурат", — деди Абдыжапаров.

© Sputnik / Элебесов МаксатБишкек ШИИБ Кайгуул милиция башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн эки күндүк "Техникалык абал" рейдинин жыйынтыгында 2273 протокол түзүлдү
Бишкек ШИИБ Кайгуул милиция башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн эки күндүк Техникалык абал рейдинин жыйынтыгында 2273 протокол түзүлдү - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бишкек ШИИБ Кайгуул милиция башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн эки күндүк "Техникалык абал" рейдинин жыйынтыгында 2273 протокол түзүлдү
© Sputnik / Элебесов МаксатРейд 22-майдан 24-майга чейин жүргүзүлүп, анда Кайгуул милиция кызматкерлери унааларына жарнама, сүрөт, жазууларды чаптап алган айдоочуларды токтотушкан.
Рейд 22-майдан 24-майга чейин жүргүзүлүп, анда Кайгуул милиция кызматкерлери унааларына жарнама, сүрөт, жазууларды чаптап алган айдоочуларды токтотушкан. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Рейд 22-майдан 24-майга чейин жүргүзүлүп, анда Кайгуул милиция кызматкерлери унааларына жарнама, сүрөт, жазууларды чаптап алган айдоочуларды токтотушкан.
1/2
Бишкек ШИИБ Кайгуул милиция башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн эки күндүк "Техникалык абал" рейдинин жыйынтыгында 2273 протокол түзүлдү
2/2
Рейд 22-майдан 24-майга чейин жүргүзүлүп, анда Кайгуул милиция кызматкерлери унааларына жарнама, сүрөт, жазууларды чаптап алган айдоочуларды токтотушкан.

Мындан сырткары, Кайгуул милиция кызматкерлери маршруткалардын да абалын текшеришти. Техникалык көзөмөл бөлүмүнүн инспекторунун айтымында, алардын көпчүлүгүнүн отургучтары техникалык паспортко туура келбейт. Маршрутка айдоочулары бир нече ирет эреже буза турган болсо, алар кайрадан экзамен тапшырууга жөнөтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0