23:43 17 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.9922
  • RUB1.0933
Дары-дармек. Архивдик сүрөт

Министрлик балдардын массалык өлүмү боюнча түшүндүрмө берди

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
63520

Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде 12 бала дарыдан улам аллергия болуп "өлүп калганы" тууралуу маалымат кызуу талкууланууда.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Балдардын массалык өлүмү боюнча тарап жаткан маалымат чындыкка коошпой турганын Саламаттык сактоо министрлигинин консультанты Елена Баялинова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде 12 бала дарыдан улам аллергия болуп "өлүп калганы" тууралуу маалымат кызуу талкууланууда. Анда "үч жаштан 12 жашка чейинки 12 бала каза болду. Алар дарыдан улам аллергия болуп каза тапканы аныкталды. Балдардын бирин да ооруканага алып барганга эч ким жетишкен эмес. Бардыгы тең үйдө, же ооруканага алып келе жатканда жолдон чарчап калган. Бул дарыларды өлкөгө аткезчилик жолу менен алып келгени аныкталды", — деп айтылат.

Баялинованын айтымында, бул билдирүү менен саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев дагы таанышып, бул айтылгандар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү суранган.

"Эл бул маалымат менен соцтармактарда жана мессенджерлерде бөлүшүп жатат. Бирок анын Кыргызстанга тиешеси жок, чындыкка коошпойт. Бул спам жаңылык жарым жыл мурда дагы жайылып, эми кайтадан кайталанууда", — деди Баялинова.

Ал ошондой эле элди мындай шек жараткан маалыматтарга ишенбөөгө чакырды.

Тема боюнча

Каның катып суусап, кийин көзүң көрбөй калышы мүмкүн. Кант диабетинин каары
Белгилер:
балдар, дары, КР Саламаттык сактоо министрлиги, Елена Баялинова

ЭҢ МААНИЛҮҮ