06:13 27 Кулжа 2017
Түз эфир
Facebook социалдык тармагынын Мария Орлова колдонуучунун бетинен тартылып алынган кадр

Шаардыктар жолдогу аң-чуңкурга түшүп кетпес үчүн өз камын өзү көрүүдө

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
58 0 0

Бишкек шаарынын тургуну 5-кичирайондо шаардык кызмат кудуктарды оңдоп, бирок анын үстүнө асфальт төшөөнү унутуп калганын айтты.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Борбор калаанын 5-кичирайонундагы кудуктун айланасында аң-чөнөктөр пайда болуп, аны тургундар дөңгөлөктөр менен жаап койгон. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Мария Орлова өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, аң-чөнөктөр бир ай мурда пайда болгон. Жергиликтүү тургундар ага башка айдоочулар түшүп кетпесин деп үстүн дөңгөлөк менен жаап коюшкан.

"Жолду оңдогондон кийин кудуктун үстүн жаап коюуну унутуп калышыптыр. Казып ишти бүтүргөндөн кийин ошол бойдон калтырышкан", — деп жазат ал.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы мэрия менен байланышканда, шаардык кызматтар кудукту оңдогонун, жаандан соң анын үстү кургагандан кийин башка иштер аткарыларын билдирди. Жакын арада аң-чөнөктөр оңдолот деп муниципалитеттен ишендиришти.

Тема боюнча

Баткен шаарындагы жаңы конуштун тургундары суу жоктугунан улам, кудук казууда
Бишкекте айдоо укугунан ажыратылган адам жаңы күбөлүк менен колго түштү
Белгилер:
кудук, жол, Бишкек мэриясы

ЭҢ МААНИЛҮҮ