Бишкек менен үч облустун айрым жерлеринде жарык өчөт. Тизме

© Sputnik / Тарас Литвиненко / Медиабанкка өтүүПрекращение электроснабжения Крыма Украиной
Прекращение электроснабжения Крыма Украиной - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оңдоо иштерине байланыштуу үч облустун 20га жакын айылында жана төрт шаарында жарык өчөт.

БИШКЕК, 19-май. — Sputnik. Ысык-Көл, Талас, Чүй облустары менен Бишкек шаарынын айрым бөлүктөрүндө электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингден билдиришти.

Токтогульское водохранилище на реке Нарын в Джалал-Абадской области - Sputnik Кыргызстан
Токтогул ГЭСин модернизациялоо иши башталып, Жээнбеков Токтогулда жүрөт
Маалыматка ылайык, 19-майда Ысык-Көл облусунун Түп, Кайнар, Кирпичный, Оттук айылдары менен Каракол жана Чолпон-Ата шаарында, Чүй облусунун Виноградный, Гавриловка, Полевой, Прибойный, Константиновка, Луговое, Васильевка, Ленинское, Военно-Антоновка, Ставрополовка айылдары менен Кара-Балта шаарынын айрым жеринде электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурайт.

Ошондой эле оңдоо иштерине байланыштуу Талас облусунун Кум-Арык, Козучак, Балбал, Арашан айылдары менен Талас шаарында жарык болбойт.

Андан сырткары, 09.00дөн 19.00гө чейин Бишкек шаарынын Ала-Тоо-1, Көк-Жар жаңы конуштары менен "Учкун", "Жал" кичирайонунун айрым жерлеринде, Жибек Жолу,Черкесский, Красная, Алтымышев, Матыев, Лев Толстой, Турусбеков, Урицкий, Баялинов, Махатма Ганди көчөлөрү менен Тынчтык проспектисинде электр энергиясы өчүрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0