Бардыгы туристтер үчүн. Майда Ысык-Көлдө көргөзмө ачылат

© AFP / Vyacheslav OSELEDKOСалбурун улуттук оюну. Архив
Салбурун улуттук оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көргөзмөдө Ысык-Көлдүн туристтик потенциалы тууралуу кенен маалымат берилет.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда Issyk-Kul International Tourism Fair-Exhibition — 2017 аттуу эл аралык туристтик көргөзмө өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, маданий иш-чара Кыргызстандын курорттор ассоциациясы тарабынан уюштурулуп, 6-7-майда өткөнү жатат.

Пирс на пляже озера Иссык-Куль. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан өзүнүн туристтик деңгээлин Казакстанда көрсөттү
Көргөзмө-жарманкеде жакынкы жана алыскы мамлекеттердин туристтик агенттиктери, пансионаттары, өздөрүнүн кызматтарын сунуштайт. Андан сырткары, туризм тармагындагы инвесторлор, ишкерлер дагы катышат.

Ошондой эле бул иш-чаранын алкагында кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү болот.

Катышуучуларга улуттук "Салбуурун" аңчылык өнөрү дагы тартууланып, Issuk-Kul tourism awards-2017 көргөзмөсүнүн түрдүү номинациялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталат. Эстрада жылдыздары келген коноктордун маанайын көтөрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0