Мэрия: Бишкектин такси кызматтары рейдден өтөт

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүТакси автоунаасы. Архив
Такси автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейдди өткөрүү убактысы азырынча тактала элек, бирок мэрия иш-чара жакынкы аралыкта башталарын белгиледи.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Мэрия салык органдары жана Кайгуул милициясы менен биргеликте калаадагы такси кызматынын айдоочуларын текшерүү максатында атайын рейд өткөрөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Унаа сүзүп кеткен окуучулардын бири дагы эле комадан чыга элек
Шейшемби күнү Октябрь райондук администрациясы такси кызматын көрсөткөн фирмалардын өкүлдөрү жана Айдоочулар ассоциациясы менен жыйын өткөргөн.

Анда шаарда жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча азыркы кырдаал талкууланып, салык мыйзамын сактоо жана такси кызматын жакшыртуу сунуштары каралган.

Текшерүү учурунда айдоочулардын патентинин бар-жогу, такси кызматкерлеринин шаар тургундарына жана конокторуна көрсөткөн кызматы жана унаага салык төлөгөн-төлөбөгөнү текшерилет. Рейддин мөөнөтү учурда такталып жатат

Жаңылыктар түрмөгү
0