08:29 23 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Сөөк жеткирүү. Архив

АКШда кыргызстандык жаран каза болду. Сөөгүн жөнөтүүгө каражат топтолуп жатат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
223212

АКШда жашаган мекендештер жарандын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү үчүн каражат топтоп жатышат. Учурда 1200 доллар чогулду.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. АКШда кыргызстандык Адылбек Калыбеков каза болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигине маркумдун Жаныбек аттуу таанышы маалымдады.

33 жаштагы жаран Бруклиндеги (Нью-Йорк штаты) батиринде көз жумган. Анын сөөгүн 17.00дөр чамасында кошунасы көргөн.

Мындай окуяга эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Бирок акыркы күндөрү жаран жүрөгү ооруп жатканын айтып келген.

АКШда жашаган мекендештер анын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү үчүн каражат топтоп жатышат. Учурда керек болгон 6000 доллардын 1200ү чогулду.

Тема боюнча

Түштүк Кореядагы кыргыздар: биз жакта абал тынч, мурдагыдай эле иштеп жүрөбүз
Нью-Йоркто жоголгон кыргызстандык баланы издөөгө элчилик жардам көрсөтөт
Белгилер:
каражат, сөөк, кыргыз, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ