БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. АКШда кыргызстандык Адылбек Калыбеков каза болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигине маркумдун Жаныбек аттуу таанышы маалымдады.
33 жаштагы жаран Бруклиндеги (Нью-Йорк штаты) батиринде көз жумган. Анын сөөгүн 17.00дөр чамасында кошунасы көргөн.
Мындай окуяга эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Бирок акыркы күндөрү жаран жүрөгү ооруп жатканын айтып келген.
АКШда жашаган мекендештер анын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү үчүн каражат топтоп жатышат. Учурда керек болгон 6000 доллардын 1200ү чогулду.