БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Sapat Center бизнес-борбору эмне үчүн мамлекеттин менчигине өткөнү боюнча Мамлекеттик мүлк фонду түшүндүрмө берди.
Белгилей кетсек, борбордун имаратын эртең менен милиция курчоого алып, ичине эч кимди киргизген эмес. Буга андагы ижарачылар нааразычылыктарын билдиришкен.
Маалыматка караганда, Ленин райондук сотунун 2013-жылы 29-июлдагы чечимине ылайык, Кожебергеновго, Корниенкого, Сыдыковго, Токтобековго, Бейшенбаевге, Түлеевге жана анын туугандарына таандык имараттар мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн.
2016-жылдын 16-майында Фондго сот аткаруучудан камакка алынган кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү мамлекеттин менчигине алуу боюнча талап келип түшкөн. Анын ичинде Бишкек шаары Манас проспектиси 101 дарегиндеги имарат (Sapat Center) дагы бар.
Мамлекеттик мүлк фонду Биринчи Май райондук сотунун талабын каттоого алган.
Фонд мамлекеттин карамагына алынышы керек болгон мүлктү тактоо үчүн Ленин райондук сотуна кайрылган. Райондук сот 2013-жылы чыккан өкүмдүн негизинде аталган мүлктөр мамлекеттин балансына өтө турганын тактап берген.
Фонд имараттын ээлерине аны бошотуу боюнча кайрылышканы менен ушул күнгө чейин чечимди аткарбай келишкени маалыматта белгиленген.