Баткенде элеттеги конок үйлөрдү өнүктүрүү талкууланат

© Фото / Медербек НиязалиевБаткенская область
Баткенская область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уюштуруучулар иш-чара мамлекеттик жана финансы институттарынын колдоосу менен аялдардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүү жолдорун талкуулап, тажрыйба алмашууга аянтча түзүү максатын көздөрүн айтышты.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Баткен шаарында аймактагы конок үйлөрдүн туризмге байланышы жана аны өнүктүрүү маселеси талкууланат. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын эл аралык демилгелер фондусунан" кабарлашты.

Всесезонный туристско-рекреационный комплекс Эльбрус в Кабардино-Балкарии - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан туризм боюнча рейтингде Казакстан менен Тажикстандан артта калды
Иш-чарада Баткен облусунун туристтик жагымдуулугун көтөрүүгө өбөлгө болгон жергиликтүү жамааттардын кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн күчөтүү, чакан жана орто бизнести колдоо, жаӊы жумуш орундарын түзүү жолдору талкууланат.

Тегерек столдун максаты — мамлекеттик жана финансы институттарынын колдоосу менен аялдардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүү жолдорун талкуулап, тажрыйба алмашууга аянтча түзүп берүү.

Иш-чарада финансылык сабаттуулукту көтөрүү жана ишкерликти өнүктүрүү жолдору да талкууга алына турган маанилүү делген маселелерден болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0