Окумуштуулар инсульттун кантип алдын алууга болорун аныкташты

© flickr.com / amanda kelsoНездоровая пища
Нездоровая пища - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аралашкан май кошулган тамактарды колдонууну чектегенде жүрөк оорусу менен жабыркаган бейтаптардын саны алты пайызга азайган.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Американын Йель университетинин окумуштуулары курамында кошулма майлар көп болгон тамак-аштан баш тартуу менен инсульттун жана жүрөк оорусунун алдын алууга болорун аныкташты. Бул тууралуу РИА Новости окуу жайдын расмий сайтына шилтеме берүү менен билдирди.

Балык сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар: балык майы инфаркт оорусунун алдын алат
Окумуштуулар мындай тыянакка 2002-2013-жылдары Нью-Йоркто ооруканага жаткырылган бейтаптардын статистикалык маалыматтарын иликтегенден кийин келишкен. Аралашкан май кошулган тамактарды колдонууну чектегенде жүрөк оорусу менен ооруган бейтаптардын саны алты пайызга азайган.

Изилдөөгө катышкан окумуштуулардын бири "Аралашма майларды колдонууну мамлекеттик деңгээлде тыюу салса, миллиондогон кишилерди сактап калууга болор эле" деген пикирин айткан.

Чипс, крекер, куурулган тамактарда, ун азыктарында кездешкен аралашма майлар ден соолукка зыян экенин Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму да билдирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0