Кыргызстандык бийкечтер Supermodel International сулуулар сынагына катышат

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүСулуулук сынагынын катышуучулары. Архив
Сулуулук сынагынын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сулуулардын бири Ысык-Көл облусунун атынан чыкса, экинчиси Кыргызстандын намысын коргойт.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстандык Айгерим Нурланова менен Айгерим Бектенбаева Supermodel International – 2017 эл аралык сулуулар сынагына катышат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Дүйнөлүк сулуулар конгрессинин (World Beauty Congress) директору Амина Юсурова билдирди.

Кыргызстандык моделдер аталган сынакка катыша тургандыгы конкурстун расмий сайтына дагы жарыяланды.

Публикация от Supermodel International (@supermodelinternational) Мар 28 2017 в 2:52 PDT

Дүйнөлүк сулуулар сынагы 12-апрелде Индиянын борбору Нью-Делиде өткөрүлөт. Ага ар кайсы мамлекеттен келген 40 бийкеч катышат. Сынактын финалдык бөлүгү 22-апрелде өтөт.

SUPERMODEL INTERNATIONAL KYRGYZSTAN 2017 Aigerim Bektenbaeva #Supermodelinternational #supermodelinternational2017

Публикация от Supermodel International (@supermodelinternational) Мар 28 2017 в 5:26 PDT

Айгерим Нурланова сынакта Ысык-Көл облусунун атынан чыгарын ал эми экинчи катышуучу Кыргызстандын намысын коргой турганын билдирди.

Нурланова буга чейин Кытайда өткөн Miss tourism – 2016, Алматыдагы Face of Сentral Asia – 2017 жана Кыргызстан сулуусу — 2015 сынактарына катышкан. Ал эми Бектенбаеванын подиумга алгачкы ирет чыгуусу.

Өткөн жылы аталган сынакта Кыргызстандын атынан Барчын Казакбаева катышкан. Анда жеңүүчү болуп малайзиялык Жозефин Тан аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0