07:12 22 Бирдин айы 2018
Түз эфир
Балдар. Архивдик сүрөт

Бишкекте жоголгон балдар үйүнө өздөрү кайтып келди

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
209721

Балдар 2-апрелде үйдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Аны издөөгө милиция да тартылган.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Дайынсыз жоголгон 14 жаштагы жана 11 жаштагы балдар үйүнө кайтып келгенин ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

  • Жоголуп кеткен Ислам Куттубек уулу
    Жоголуп кеткен Ислам Куттубек уулу
    © Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
  • Жоголуп кеткен Байболот Мырзабаев
    Жоголуп кеткен Байболот Мырзабаев
    © Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
1 / 2
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
Жоголуп кеткен Ислам Куттубек уулу

Белгилей кетсек, 2-апрелде болжол менен түнкү саат 11:00дөр чамасында балдар үйүнөн чыгып кетип, ошол бойдон дайынсыз жоголгон. Чүй облусунун Москва райондук ички иштер бөлүмү балдарга издөө жарыяланган. Ошондой эле социалдык тармактарга да жарыяланган.

"Милиция балдардын өзгөчө белгилерин тизмектеп, Кайгуул милициясына маалымат берген. Издөө иштерине кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери дагы тартылып, балдар барышы мүмкүн болгон бардык даректер текшерилген. 7-апрелде алар үйүнө өздөрү келишкен", — деп ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Кичинекей балдарды чоң энеси багат. Алардын бирөөсүнүн апасы чет жакта иштеп жүрсө, экинчисиники Бишкекте турат. Учурда түшүндүрүү иштери жүрүп, балдар бул убакыт аралыгында кайсы жакта жүргөнү текшерилүүдө.

Кыргызстандагы балдардын жоголушу жөнүндө ИИМдин түшүндүрмөсүн Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Тема боюнча

ИИМ Кыргызстанда балдардын жоголушу жөнүндө түшүндүрмө берди
Чүйдө эки бала жоголду. Милиция элден жардам суроодо
Белгилер:
балдар, издөө
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ