Ат-Башынын Терек-Суу айылында арак саткан акыркы дүкөн жабылды

© Sputnik / Табылды КадырбековНалоговая служба уничтожила 700 литров алкоголя
Налоговая служба уничтожила 700 литров алкоголя - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин ичимдик сатууга Лейлек, Ноокат, Алай райондорундагы айылдарда тыюу салынган.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Ат-Башы районунун Терек-Суу айылындагы арак саткан акыркы дүкөндүн жабылганы тууралуу Sputnik Кыргызтан агенттигине айылдын "Чеч-Дөбө" жаштар уюмунун төрагасы Апсат Эсенбаев билдирди.

Анын айтымында, айыл боюнча ичимдик саткан эки дүкөн калган, анын бири жалаң гана арак соодалачу.

"Акыркы кездерде айыл өкмөтүнө, аксакалдар кеңешине, мечит жамаатына жана "Чеч-Дөбө" жаштар уюмуна айылдын келиндеринен көп даттануулар түшө баштаган. Негизи эле айылда арак сатуучу дүкөндөргө нааразы болгондор бар болчу. Кечээ айыл тургундары кеңешип, ичимдик саткан эки дүкөндүн тең бардык товарын сатып алып, элдин көзүнчө бөтөлкөлөрдү сындырып, жок кылдык. Эки дүкөндүн ээлери тең мындан ары ичимдик сатпоого убада кылып, түшүнүк кат жазып беришти", — деди активист.

Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу айыл өкмөтүнүн Көк-Арт айылында элдин өз ара чечими менен спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды - Sputnik Кыргызстан
Алайкууда спирт ичимдиктери таштандыга ыргытылып, сатууга тыюу салынды
Маалыматка караганда, айылда ичимдиктин айынан запкы көргөн аялдар менен балдар, ажырашкан үй-бүлөлөр көбөйүп кеткендиктен, эки жыл мурда башка дүкөндөр спирт ичимдиктерин алып келүүнү токтоткон.

Эске салсак, буга чейин ичимдик сатууга Кыргызстанда беш айылда тыюу салынган. Алар: Мурдаш, Гагарин (Алай району), Кулунду (Лейлек району), Караке, Киров (Ноокат району) айылдары.

Жаңылыктар түрмөгү
0