УКМК: Петербургдагы жардырууну иликтөөгө жардамдашып жатабыз

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМетродогу полиция кызматкери. Архив
Метродогу полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик комитет жалпыга маалымдоо каражаттарын элге туура жана такталган маалымат таркатууга чакырып, күч түзүмдөрүнө таянып далилденбеген кабар жарыялоодон алыс болууну эскертти.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Россиянын күч органдарына Санкт-Петербургдагы жардырууну иликтөөгө колдон келген кызматын көрсөтүп жатат. Бул тууралуу аталган комитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин айрым маалымат булактарында КР коопсуздук кызматы террорчулукка шектелген жаран Кыргызстанда төрөлгөндүгүн тактады деген билдирүүлөр тараган.

"Бул маалымат азырынча так далилдене элек. УКМК Санкт-Петербургдагы теракт боюнча Россиянын Тергөө комитети тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатканын баса белгилейт. Кайсыл бир адамдын кылмышка шектүү экендигин Россиянын компетенттүү органдары гана тактап туруп айта алат", — деп жазылат маалыматта.

Ошол эле учурда УКМК кылмышка шектүү делген адамга байланыштуу иштерди иликтөөгө колдон келген кызматын көрсөтүп жатканын белгиледи. Мамлекеттик комитет жалпыга маалымдоо каражаттарын элге туура жана такталган маалымат таркатууга чакырып, күч түзүмдөрүнө таянып далилденбеген кабар жарыялоодон алыс болуну эскертти.

СК РФ установил личность предполагаемого смертника в Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Петербургдагы терактыга шектүү Жалиловдун үй-бүлөсү тууралуу айылдашы айтып берди
"Биз Санкт-Петербургда терактыдан каза болгон жана жабыркагандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, Россия тарап менен кызматташууну күчөтүүгө даярбыз", — деп жазылат УКМКнын маалыматында.

3-апрелде Санкт-Петербургдагы "Сенная площадь" жана "Технологический институт" метро станцияларынын ортосунда жардыруу болгон.

Террорчулукка каршы күрөшүү Улуттук комитетинин маалыматына ылайык, акыркы маалыматтар боюнча 14 адам каза болуп, элүүгө жакын адам түрдүү жаракаттарды алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0