23:55 20 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.4170
  • RUB1.0958
Коом
Кыскача шилтеме алуу
73201

Канткенде маникюр адисинин жинине тийип алып, тырмаксыз калбайбыз? Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине бишкектик маникюрчу айтып берди.

Тырмак сервисинин дизайнери өзүнүн кардарлар менен иштөө тажрыйбасынан бөлүшүп, маникюр жасатууга бара жаткан кыз-келиндерге бир нече кеңеш берди.

Билермандар

"Эмнеге мынча калың кылып боеп жатасыз? Менимче жукараак кылсаңыз жакшы болот. Кутикуланы кеспей эле коюнуз. Тырмактарымды өтө кыска кылып салдыңыз".

Эгер маникюр жаатында билимиңиз ушунчалык эле терең болсо башка адиске барып эмне кыласыз? Үйүңүздөн эле жасап албайсызбы. Албетте, ар бир кардар өз пикирин айтууга укутуу, бирок пульт менен башкаргандай мамилеңиз адистерге жага бербейт.

Маникюрчуну психолог менен айырбаштап алгандар

Албетте 1-1,5 сааттын ичинде кардар менен жакыныраак боло түшөсүң. Тил табышып, сүйлөшүп кетүү дагы кардар тартуунун жакшы жолу.

Бирок айрым кардарлар менден маникюр адиси эмес, психологду көргүсү келип, жолдошунун жумуштан канчада келеринен баштап кайненеси менен эмне деп урушканына чейин айтып берет. Урматтуу айымдар, жеке жашоону сыр бойдон сактоону үйрөнөлү. Аны бейтааныш эле адамга жайып берүүнүн зарылдыгы жок.

Көңүлкоштук

Айрым кардарларда таптакыр эмоция болбойт. Сенин жасаган ишиң жаккан-жакпаганын жүзүнөн таптакыр биле албайсың. Жадакалса, маникюр жасачу каражаттарды тазаладыңбы деп да сурап койбойт. Ал экинчи сага кайрылып келер-келбесин да билбеген бойдон кала бересиң.

Убакытты карабагандар

"Эртең саат 10до барсам болобу?" деп түнкү саат үчтө жазган аялдар болот. Абдан зарыл экенин түшүнүп жатам, бирок өзүн жана өзгөнү сыйлаган адам кечки 21.30дан кийин башка бирөөнүн тынчын албайт.

Кечиккендер

Кызмат көрсөтүү жаатында иштегендердин баарына эле кечиккен адамдар жакпаса керек. Бир маникюрга орто эсеп менен бир саат убакыт кетет. Биз ошол убакытка ориентир алып, бир күндүк иш тартибибизди түзөбүз. Анан орто жерден бирөө жарым саатка кечигип келет да, жасап бергиле деп догурунат. Анын артындагы беш аял жабыр тартарын таптакыр түшүнгүсү келбейт.

Тема боюнча

Көчө шыпыргычтардын жанын кашайткан 6 көрүнүш
Жүргүнчүнүн жанын кашайткан бишкектик таксисттер
Белгилер:
кызмат, адистер, кардар

ЭҢ МААНИЛҮҮ