Иркутскиде КР мигранты 5-кабатка асылып калган кишини сактап калды. Окуянын чоо-жайы

© Фото / Азамат Шерматов Россиянын Иркутск шаарында эмгектенип жүргөн кыргызстандык мигрант Каныбек Абдулазизов
Россиянын Иркутск шаарында эмгектенип жүргөн кыргызстандык мигрант Каныбек Абдулазизов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын Иркутск шаарында эмгектенип жүргөн кыргызстандык мигрант Каныбек Абдулазизов бешинчи кабаттын терезесине асылып калган карыянын өмүрүн сактап калды. Ал аталган шаарда көчө шыпырып иштеп жүргөн. Окуя болгон күнү ошол үйдүн короосун тазалап жүргөн.

Учурда бул туурасында россиялык ЖМКлар да жазып кызуу талкууга алынууда. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Абдулазизовдун өзү менен байланышып окуя туурасында маалымат алды.

— Карыянын асылып калганын кантип көрүп калдыңыз?

— Ал күнү да адаттагыдай эле өз жумушумду жасап жүргөм. Подъезддин алдын шыпырып жатсам үстү жактан бирөөнүн курткасы түштү. Ким ыргытты деп карасам бир киши терезеден түшүүгө аракет кылып жатыптыр. "эй, каякка баратасыз?" десем, "мага шаты алып келип бер, жерге түшөм" деди. Ошол убакта аны менен коңшу жашаган бала келип калып, экөөбүз кой дегенче болбой өзүн таштап асылып туруп калды.

— Алгачкы жардамды эмнеден баштадыңыздар?

Артем Королюк (слева) и Марат Исаев, награжденные мэром Москвы Сергеем Собяниным за спасение женщины - Sputnik Кыргызстан
Метродон аялды сактап калган Исаев менен Королюк окуянын бир жылдыгын белгилешти
— Жанымдагы бала куткаруучуларга чалып, мен барып эшигин такылдатсам эч ким ачпады. Төртүнчү кабаттан кирели десек, үй ээси сыртта итин сейилдетип жүргөн экен, чакырып келип эшигин ачтырдык. Ал бала төртүнчү кабат аркылуу чыгып, терезесин сындырып үйүнө кирип билегинен кармап тартууга аракет кылды. Мен астыңкы кабаттын терезесинде туруп бир колум менен терезенин кырын кармап, бир колум менен бутунан түртүп жаттым. Ичинен бирөө менин бутумдан кармап турду. Ал киши аябай салмактуу экен, алыбыз жетпей кыйла турдук. Анан жанымдагы бала менен алмаштык эле, анын да күчү жетпей койду. Кайра өзүм чыгып кол менен болбогонунан "бутуңузду төбөмө коюңуз" деп башым менен түрткөнүмдө өйдө көтөрүлүп, үстүндө турган бала тартып алды.

— Чыгара албай канча турдуңуздар, куткаруучулар качан келди?

— Анда саатты деле карабаптырмын, болжол менен жарым сааттай болду окшойт. Куткаруучулар биз чыгарып бүткөндөн кийин келип калды. Анан мени бригадир чакырып калып, кайра жумушума кетип калгам.

— Ошол учурда өзүңүз да кулап кетем деп корккон жоксузбу?

— Андайда өзүм тууралуу ойго келбептир. Эптеп куткарып алсак экен деп жаттым. Чыгара албай турсак ал киши бизге "көпкө кармай албайм, чыдабай калдым, түшүп кетем эми" деп жатты. Аны чыгаргандан кийин буттарым калтырап отуруп калдым. Жумушка барганда дагы эки-үч сааттай өзүмө келе албай жүрдүм.

© Фото / Бегимай МаматсеитоваКаныбек Абдулазизов үй-бүлөсү менен
Мигрант из Кыргызстана в Иркутске Каныбек Абдулазизов - Sputnik Кыргызстан
Каныбек Абдулазизов үй-бүлөсү менен

— Ал эмне себептен мындай кадамга барыптыр?

— Аны оорулуу экен деп жатышат. Жаш курагы болжол менен 70тен ашып калгандай. Балдары аны үйгө жалгыз калтырып, коопсуздугу үчүн эшикти сыртынан кулпулап кетиптир. Анан ал терезе аркылуу сыртка чыгууну көздөп, эки бел курду улап, бир учун ичкериге байлап ошону кармап түшүүгө аракет жасаган экен.

— Туугандары келип ыраазычылык айтып жатышабы?

Экс-министр Кыргызстана Торогул Беков. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Пензада кемпирди сактап калган Беков: сүзө албай бир маалда өзүм да чөгө баштадым
— Окуядан кийин аялы келип рахматын айтып кеткен. Ошол боюнча эч ким байланыша элек. Бул нерсеге анча деле маани бербей, андан ары ишимди улантып кеткем. Эртеси бирге иштеген агам чалып "сага журналисттер келиптир" деп чакырды. Ишенбей, тамашалап жатса керек деп барсам, чын эле "Россия-1" телеканалына тартып жатышыптыр. Аларга болгонун болгондой айтып бердим. Иштеги бригадир да куттуктап, сыйлык берилерин айтты. Кече телефонумду үйгө балама таштап кеттим эле, дагы журналисттер чалып гезитке чыгарат элек деп сураптыр. Ошол бойдон байланыша элек.

— Иркутск шаарында көптөн бери иштейсизби?

— 2006-2013 жылдары Москвада иштеп кеткем. Ошол бойдон Кыргызстанда жүрүп 2015-жылдын декабрь айында үй-бүлөм менен Иркутск шаарына келдим. Көпкө чейин жумушка орношо албай ар кандай күнүмдүк жумуштарды жасап жүргөм. Бул жакка ишке киргениме 10 күндөй эле болгон.

— Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?

— Өзүм Өзгөн районун Куршаб айылынан болом. Үч балам бар, улуусу 12, кичүүсү 6 жашта. Келинчегим соода борборлордун биринде пол жууп иштейт. Балдарыбызды бакчага же мектепке берүүгө шартыбыз жок болгондуктан үйдө эле отурушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0