Бишкекте Нооруз күнү 6500 түп жоогазын тебелендиде калды

© Sputnik / Табылды КадырбековКлумбы тюльпанов на центральной площади Ала-Тоо в Бишкеке
Клумбы тюльпанов на центральной площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын мэриясы жарандарды шаардык кызматтардын эмгегин сыйлап, өсүмдүктөргө аяр мамиле жасоого чакырат.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Нооруз майрамы белгиленип жаткан учурда "Ала-Тоо" аянтындагы 6500 түп жоогазын тепселенгенин мэриядан кабарлашты.

Билдирмеде айтылгандай, жоогазын өскөн жердин жалпы аянты 165 чарчы метрди түзөт.

"Натыйжада Курманжан Датканын эстелиги жана галереянын аймагындагы гүлдөр менен Чүй проспектисиндеги клумбалар жараксыз болуп калды. Муниципалдык кызматтын өкүлдөрү марттын башталышында 120 миң жоогазын отургузган болчу", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарынын мэриясы жарандарды шаардык кызматтардын эмгегин сыйлап, өсүмдүктөргө аяр мамиле жасоого чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0