01:43 20 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Ошто диний кызматкерлерге 18-мартта башталган Чечендик өнөрдү өнүктүрүү аталышындагы семинар 18-апрелге чейин уланаарын Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарлады.

Оштун дин кызматкерлери чечендик өнөр боюнча сабак алууда

© Фото / пресс-служба Ошского областного казыята
Коом
Кыскача шилтеме алуу
52 0 0

Оштун казыят жамааты риторика курсуна облустагы мечит имамдарын катыштыруу зарыл экендигин белгиледи.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Ошто диний кызматкерлерге 18-мартта башталган "Чечендик өнөрдү өнүктүрүү" аталышындагы семинар 18-апрелге чейин уланаарын Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарлады.

Аталган окуу "Чечендик өнөр" мектебинин Оштогу бөлүмү тарабынан өткөрүлүүдө.

"Семинарда дин өкүлдөрүнө "Эл алдына чыгып сүйлөөдөгү коркунуч, сүрдөө жана толкундоону жоготуу" темасы боюнча окутуу жүргүзүлүүдө. Так жана маданияттуу сүйлөө жолдору, кыймыл-аракеттерди туура пайдалануу, көпчүлүктүн алдында сүйлөөнү иштеп чыгуу жана үндү туура коюу ыкмасы жөнүндө алгачкы түшүнүктөр берилет", — деп айтылат билдирүүдө.

Облус казысы Самидин кары Атабаевдин айтымында, дин кызматкерлери дайыма коомчулуктун алдында исламдын баалуулуктарын айтып, тарбияга үндөө багытында иш алып баргандыктан, ойду жогорку деңгээлде жеткирүү жана ырааттуу сүйлөө техникаларын өздөштүрүүгө милдеттүү.

Ошондой эле казыят жамааты риторика курсуна облустагы мечит имамдарын да катыштыруу зарыл экендигин белгиледи.

Тема боюнча

Араван районундагы бир нече мечитке эскертүү берилди
Милициянын мечиттерди көзөмөлгө алуу демилгесинин күңгөй-тескейи
Белгилер:
казыят, окуучулар, семинар, мечит, имам, Ош
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ