Кыргыз маркасы аукциондо 2 миң доллардан ашуун акчага сатылууда

© SputnikМарка 1994 года выпуска с изображением нескольких ромашек и надписью "Кыргызстан Kyrgyzstan" на российском интернет-аукционе "Мешок"
Марка 1994 года выпуска с изображением нескольких ромашек и надписью Кыргызстан Kyrgyzstan на российском интернет-аукционе Мешок - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тоорукка "Кыргызстан Kyrgyzstan" деген жазуусу бар 1994-жылы чыккан марка коюлган. Андагы жазуудан марканын номиналдык баасы 3 тыйын экенин көрүүгө болот.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Россиянын "Мешок" деп аталган интернет-аукционуна баштапкы баасы 150 миң рублди (болжол менен 180 миң сом) түзгөн кыргыз маркасы коюлду. 

Сатуучу жарыяга "Кыргызстан 2015-жыл. Марка соодадан алынды. Жаңы баа коюлду. Конверт почтадан өткөн" деп жазып койгон.

Кыргызстандын 1993-жылкы үлгүсүндөгү тыйындары. Википедия сайтынан тартылган сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз тыйындары чет өлкөлүк интернет аукциондордо кымбат баада сатылууда
Мындан тышкары, 1994-жылы чыккан марка чапталган конверт да сатыкка коюлган. Ал маркада бир нече боз күбөңдүн (ромашка — ред.) сүрөтү тартылып, "Кыргызстан Kyrgyzstan" деген жазуу бар. Номиналдык баасы 3 тыйынды түзөт.

Бирок бул маркадагы баа кийин 30 сом деп өзгөртүлгөн.

Филателисттердин айтымында, аталган марка баасынын өзгөртүп жазылышы менен коллекционерлер үчүн баалуу болууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0