Ош шаары газ менен 2020-жылга чейин толук камсыз болот

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекВ ближайшее время в Бишкеке будет проложено 300 километров газопровода
В ближайшее время в Бишкеке будет проложено 300 километров газопровода - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарындагы газ түтүктөрүнүн жалпы узундугу 771,3 чакырымга жетет.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Ош шаары 2020-жылга чейин газ менен камсыз болот. Бул тууралуу мэр Айтмамат Кадырбаевдин "Газпром Кыргызстан" ишканасынын Оштогу филиалына болгон сапарында белгилүү болду.

"Ошгаз" ишканасынын кызматкерлери шаар жетекчисине акыркы эки жылдагы жетишкендиктери тууралуу айтып, алдыдагы пландар менен дагы бөлүшүштү.

"Ошгаз" ишканасы түштүк борбор газ менен 2020-жылы толук камсыз болуп каларын белгиледи. 2016-жылы компания 61 334 абонентти көгүлтүр оттуу кылган. Ошондой эле эки жыл ичинде 16,5 чакырым магистралдык газ түтүктөрүн сырдоого жетишкен", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, 12 объектиге узундугу 12,6 чакырымга жеткен коопстуу түтүктөр алмаштырылган.

Ош шаарындагы газ түтүктөрүнүн жалпы узундугу 771,3 чакырымга жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0