12:23 20 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7839
  • EUR77.4776
  • RUB1.0477
Ыктыярчы Айгерим Тургунбаева маек учурунда

Ыктыярчы: уулунун туулган күнүнө бараткан атасын жолдон мууздап кетишти

© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Асель Минбаева
363761

Айгерим Тургунбаева адамдардын башына түшкөн мүшкүлдү жөн эле билип койбостон, ар биринин тагдырына күйүп-жанып келет. Россияга окууга жиберген балдар үйүнүн тарбиялануучуларына жардам берүү үчүн эки-үч жерде иштеп, өп-чап турмушта жашады. Керемет кыз менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Асел Минбаева сүйлөштү.

Кимдир бирөөгө, көп учурда таптакыр эле бейтааныш адамдарга үзүлүп түшүп жардам берген адамдар көпчүлүк учурда таң калууну жаратат.

— Мен постуңуздан сиздин бир күнүңүз кантип өтөрүн окудум эле — пландар, сапарлар, жолугушуулар… Мунун баарына кантип убакыт табасыз?

— Менин жашоом башынан эле ушундай болчу. 90-жылдар аябай оор мезгил эмес беле. Биздин короодо бир үй-бүлө бар болчу — атасы жок, энесинин арактан башы чыкпайт, беш бала качан көрсөң ачка отурчу. Арасында кичинекей ымыркай да бар эле. Ошол жерде жашагандар баарыбыз чогулуп жардам берчүбүз.

Университетте окуп жүргөндө тайпабыз менен Беловодскидеги балдар үйүнө бардык. Наристелер десеңиз, бирок көз караштары ушунча олуттуу. Алты жаштагы бир бала бар экен, мага үй-бүлөсүн, үйүн тарткан сүрөттөрүн көрсөттү.

Көрсө, баланы энеси таштап кетиптир. Атасы… ошол күнү баланын туулган күнү экен. Атасы оюнчук машина белек кылам деп убада бериптир. Уулу ошол күнү кечке күтүп чарчайт: атасын болсо жолдон мууздап кетишиптир.

Каргашадан кийин бала чоң атасы менен чоң апасынын колуна барат. Анан чоң апасы каза болуп, наристе балдар үйүнө туш болот. Ошол окуядан кийин студенттердин көбү мындай мекемелерге баруудан баш тартты… Оор, өтө эле оор.

Негизи бир жылдан ашуун ыктыярчы болгондор аз. Менин тобумдан мен эле калдым. Кудайга шүгүр, жардамга кол сунчу адамдар бар.

Волентер Айгерим Тургунбаева во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Ыктыярчы Айгерим Тургунбаева: 90-жылдар аябай оор мезгил эмес беле. Биздин короодо бир үй-бүлө бар болчу — атасы жок, энесинин арактан башы чыкпайт, беш бала качан көрсөң ачка отурчу. Арасында кичинекей ымыркай да бар эле. Ошол жерде жашагандар баарыбыз чогулуп жардам берчүбүз

— Эстегенде жүрөк тилинип кеткен окуялар болду беле?

— Бир жолу Таластагы шал оорусу менен жабыркаган балдардын реабилитациялык борборуна бардым. Бейтаптардын курагы да ар түрдүү экен — кичинекей балдардан тарта 25 жашка чейинкилер. Имараттын ичи аябай суук. Оорулуулар коридордо жерде эле жатышат. Адистердин жетишсиздигинен бейтаптар жаткан жерине эле заара ушататышат экен. Аларды тазалаган да киши жок! Акыры бул борбор жабылып тынды.

Көпчүлүк аймактардагы мындай мекемелерде эмне болуп жатканын билбейт. Ал жакта иштегендердин көйгөйүн, арыз-муңун деле эч ким укпайт.

— Адамдар жардам берүүгө дароо эле макул болобу?

— 80 пайызы сызга отургузуп кетет, дагы 10у убакытты чоюп жүрө берет. Кайрылган он кишинин бири гана жардамга кол сунат.

Кээде зыянын да тартып каласың. Бир жолу маршруткада кетип бара жатып, өзгөчө болуп төрөлгөн небересин баккан аял тууралуу угуп калдым. Келини төрөгөндөн кийин кетип калыптыр. Дарыгерлер ымыркай үч айга да жетпейт деп айтышкан экен. Баса, азыр ал 16га чыкты.

Айтор, небересин багып жүрүп, тиги аял ушундай балдар үчүн борбор ачууну ойлойт. Ошол жердеги бала бакчанын от жаккан жерин сурап алып, жасап-түзөп, акырындык менен уй күтүп, тоок бага баштайт. Ага ыктыярчылар да жардам берчү.

Аял менен байланышып, жакшы мамиле түздүк. Бир күнү эле чалып, балдардын үшүп атканын айтып, көмүргө жардам берүүмдү суранды. Бул тууралуу бир нече ЖМКлар жазып чыккан. Натыйжада жергиликтүү бийлик басым көрсөтүп, аз жерден борборду жаап сала жаздашкан.

— Балдар үйүнөн чыккан өспүрүмдөрдү Россияга окууга жиберүү демилгеси кайдан жаралды?

— Бир ирет Казань федералдык университетинин окутуучусу Клара Карамова мене таанышып калдым. Сөздөн сөз чыгып отуруп кыргызстандык балдар менен иштешип көрүүгө кызыкдар экенин айтып калды. Ошол жерден эле: "балдар үйүнън балдары болобу?" деп сурадым. Ойлонуп калган. Эки жумадан кийин макулдук берген кат жөнөтүп жибериптир.

Алгач төрт орун бөлүп беришти. Мен Караколдогу балдар үйүнүн директоруна айттым. Өспүрүмдөрдүн кайратына таң бердим. Баары тең окуганга ушунчалык дилгир экен! Директор жакшы окуган төрт баланы тандап берди.

Россияга баруу үчүн беш сабактан экзамен берүү керек болчу. Даярдыкка бир ай бар эле. Анан Россиядан экзамен ала турган комиссия келди. Кудай жалгап, баары өтүп кетишти. Чынтемир деген бала бар эле, тынбай мага чала берип, акыры аны да, Саида аттуу бир кызды да коштук.

Студентка Казанского федерального университета Саида Керимжанова во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Казань федералдык университетинин студенти Саида Керимжанова

Саида Керимжанованын маеги

"Төрт жашка чыкканда апам оорудан каза болуп калды. Атам экинчи топтогу майып эле, мени бага алган жок. Ошентип 7 жашымда балдар үйүнө келип, 11 жыл жашадым.

Бул жактагы балдар кара мүртөз болуп калат деген ишеним бар, бирок биз аябай ынтымактуу болчубуз, күндөрүбүздү көңүлдүү өткөрүүгө аракет кылчубуз. Бир жолу сулуулук сынагына да катышкам.

Директор баарыбызды чогултуп, ким Набережные Челны шаарында окугусу келет дегенде биринчи болуп колумду көтөрдүм. Чет жакта окуганды аябай кыялданчумун. Экзамендер анча деле оор болгон жок.

Россияга келгенден кийин алгач үйдү сагынып ыйлап жүрдүм. Айгерим эже аябай колдоо көрсөттү, сүйлөшүп эс алып калчумун, группалаштарым да колдошту. Мен жападан жалгыз чет элдик болчумун. Орус тилинен аябай жардам беришти.

Окуумду бүткөндөн кийин ушул жерде калгым келет. Анткени адистигим боюнча технологиялык камсыздоо жана машина куруу конструкторумун. Тилекке каршы, Кыргызстанга азырынча мындай адистердин кереги жок. Мындан тышкары, мен окуп жаткан университет менен КамАЗдын ортосунда активдүү студенттерди ишке орноштуруу боюнча макулдашуу бар".

— Айгерим, студенттердин жол киреси боюнча маселе кантип чечилди?

— Университет балдардын окуусу менен жашоосун гана каржыламак. Жол киресин, тамак-ашын, кийим-кечесине акча табуу керек болду. Бир нече кишиге кайрылсам макул болушкан. Анан эле балдардын жайгашып, окуп калганына бир ай болгондо жардам берчүлөр баш тартып коюшту.

Эки кошумча жумушка орноштум. Баарыбыз ачка калдык. Күнүгө ушул балдарга акча сала албаганыма кейип, өзүмдү жеп жүрдүм. Балдар чалып, ыйлашат… Эки айдан кийин эки кыз Кыргызстанга кайтып келишти. Баарыбыз кыйналдык. Балдар окуудан кыйналышты, курсташтарына жетүү үчүн көп убакыт керек болду.

Азыр ал кездеги кыйынчылыктар текке кетпегенин сездим. Аталган университеттин өкүлдөрү Кыргызстанга келип, биздин Билим берүү министрлиги менен кызматташуу боюнча келишимге кол коюп кетишти. Бул жолугушуунун ишке ашышы үчүн көп күч жумшадым.

— Ушунун баары сизге керек беле?

— Кыргызстанда аманат деген жакшы сөз бар. Бул жөнүндө 7-класста уккам. Жарык дүйнөгө келген ар бир адам артында из калтырып, милдеттүү түрдө жасап кетиши керек болгон нерселер бар. Күнүмдүк жашоосу эмес, кандайдыр бир өзгөчө нерсе болушу керек.

Ар бир адам жарык дүйнөгө келиши менен карызкор. Өмүр деген зор белек да. Баарыбыз жакшылык жасашыбыз керек. Мен жакшылыкка ишенем.

Тема боюнча

Балдар үйүнө автобус алып берген адам коомчулукка таанылгысы келген жок
Айназиктин өмүрүн сактоо үчүн каражат ашыгы менен чогулду
Белгилер:
балдар үйү, ыктыярчылар, Айгерим Тургунбаева

ЭҢ МААНИЛҮҮ