Нарын: жүк ташуучу унаа айдагандар Кытай тараптын талабынан улам митингге чыгышты

© Фото / Нурзада МукашеваМитинг дальнобойщиков в Нарыне
Митинг дальнобойщиков в Нарыне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочулардын айтымында, Кытай тарап кыргызстандык жүк ташуучу унаалардын бортун контейнерге алмаштыруу талабын коюп, чиркегичи бар унаалар киргизилбей калган.

НАРЫН, 10-мар. — Sputnik.  Кытайдан жүк ташыган айдоочулар Нарын шаарында митингге чыкканын  аймактык кабарчы билдирди.

Айдоочулардын айтымында, Кытай тарап кыргызстандык жүк ташуучу унаалардын бортун контейнерге алмаштыруу талабын коюп, чиркегичи бар унаалар киргизилбей калган.

© Фото / Нурзада МукашеваКытайдан жүк ташыган айдоочулар Нарын шаарында митингге чыккан
Кытайдан жүк ташыган айдоочулар Нарын шаарында митингге чыккан - Sputnik Кыргызстан
1/3
Кытайдан жүк ташыган айдоочулар Нарын шаарында митингге чыккан
© Фото / Нурзада МукашеваАйдоочулардын айтымында, Кытай тарап кыргызстандык жүк ташуучу унаалардын бортун контейнерге алмаштыруу талабын коюп, чиркегичи бар унаалар киргизилбей калган.
Айдоочулардын айтымында, Кытай тарап кыргызстандык жүк ташуучу унаалардын бортун контейнерге алмаштыруу талабын коюп, чиркегичи бар унаалар киргизилбей калган. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Айдоочулардын айтымында, Кытай тарап кыргызстандык жүк ташуучу унаалардын бортун контейнерге алмаштыруу талабын коюп, чиркегичи бар унаалар киргизилбей калган.
© Фото / Нурзада МукашеваМитингге чыккандар мындай чектөө былтыр августтан тарта киргизилгенин, ал талапты аткарбагандарды учурда киргизбей жатканын айтышты.
Митингге чыккандар мындай чектөө былтыр августтан тарта киргизилгенин, ал талапты аткарбагандарды учурда киргизбей жатканын айтышты. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Митингге чыккандар мындай чектөө былтыр августтан тарта киргизилгенин, ал талапты аткарбагандарды учурда киргизбей жатканын айтышты.
1/3
Кытайдан жүк ташыган айдоочулар Нарын шаарында митингге чыккан
2/3
Айдоочулардын айтымында, Кытай тарап кыргызстандык жүк ташуучу унаалардын бортун контейнерге алмаштыруу талабын коюп, чиркегичи бар унаалар киргизилбей калган.
3/3
Митингге чыккандар мындай чектөө былтыр августтан тарта киргизилгенин, ал талапты аткарбагандарды учурда киргизбей жатканын айтышты.

Митингге чыккандар мындай чектөө былтыр августтан тарта киргизилгенин, ал талапты аткарбагандарды учурда киргизбей жатканын айтышты.

Кытайдан Бишкекке, кайта Бишкектен Кытайга жүк ташыган айдоочу Оморбек Кулунчаков Кытай тарап аларга карата кысым кылып, алгач визаларын ачпай, кийин контейнер койгула деген талаптарын койгонун айтты.

"Европага кире турган машиналардын стандарттарын жокко чыгарып, ордуна контейнер койгула деп жатат. Аны жасата турган болсок кайтадан техникалык паспорт алып, мамлекеттик номерди да алмаштыруу керек болот. Андан сырткары лицензия жана патент алуу зарыл. Алардын бардыгы акчага барып такалат. Биз аны жасата албайбыз", — деди ал.

Митингге чыккандардын дагы бирөө Салабек Билалов алар буга чейин Кытай тараптын айрым талаптарын аткарганын айтат.

Акция протеста жителей Кадамжайского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Баткенде эл жүк ташуучу унаалар өтчү аймакты жабууну талап кылууда
"Автоунаанын узундугун кыскарткыла дешкен, аны аткардык. Бийиктигин жапыстаткыла деди, аны жасадык. Эми контейнер койгула деп жатат. Аны жасатканга акча кетет да. Эгер бизге өкмөт жардам бербесе, биз жумушсуз калабыз", — деди ал.

Билалов ошондой эле, Кытайдын автоунаалары Кыргызстанга эч кандай тоскоолдуксуз эле кирип-чыгып жатканын айтты. Эгерде кытай тарап мындай талабын жокко чыгарбаса Кыргызстанга Кытайдын жүк ташуучуларын киргизбөө керектигин кошумчалады

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов чогулгандар менен жолугуп, көйгөй менен тааныш экенин, азыр бул боюнча Транспорт менен Тышкы иштер министрлиги иштеп жатканын айтты.

"Кечээ айдоочуларга жолуккам. Эртең өкмөт башчыга кирип, түзүлгөн абал тууралуу маалымат берем. Буюрса, көйгөй жакын арада чечилет", — деп ал митингге чыккандарга кайрылды.

Кайыпов чогулгандарды азыр сабыр кылып күтүп турууга үндөп, кийинки жумалар менен маселе оң жагына чечилип калаарына ишендирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0