18:49 30 Бугу 2017
Түз эфир
Шереметьево аэропорту. Архивдик сүрөт

Элчилик: кызы менен аэропортто жашаган аял Москвага алдаткан акчасын өндүргөнү келген

© Sputnik / Кирилл Каллиников
Коом
Кыскача шилтеме алуу
40711

Аял арызына укук коргоо органдарынан эч кандай жооп ала албагандан кийин акчасын алып кеткен кишини өз алдынча издөөнү чечкен.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кыргызстандык аялдын 16 жаштагы кызы менен үч айдан бери Москванын Шереметьево аэропортунда жашап келгенин Кыргызстандын Россиядагы элчилиги тастыктады.

Кечээ, 6-март күнү, элчиликтин кызматкери 52 жаштагы аял менен жолуккан. Сүйлөшүү учурунда аялдын Москвага акчасын алдап алып кеткен кишини издөөгө келгени белгилүү болгон. Аялдын айтымында, Далер аттуу киши Оштон банк картасынан алдоо жолу менен 132 миң рублин алып кеткен.

Бул боюнча жабырлануучу 2016-жылдын 26-августунда укук коргоо органдарына кайрылган.

"Милициядан эч кандай жооп болбогондон кийин аял ууруну өз алдынча издөө үчүн Москвага келген", — дешти элчиликтен.

Кыргызстандык аял былтыр 6-сентябрь күнү Москванын Кунцево райондор аралык прокуратурасына кайрылган.

Элчилик жабырлануучуга кеп-кеңеш берип, жакындары менен байланышты. Жакын арада аялдын тууганы келери белгилүү болду.

Тема боюнча

Кыргыз паспортуна өз сүрөтүн чаптап алган кытай жараны аэропорттон кармалды
"Манас" аэропортунда ич кийимине алтын катып келаткан казакстандык аял кармалды
Белгилер:
аэропорт, элчилик, Москва

ЭҢ МААНИЛҮҮ