21:24 20 Бирдин айы 2018
Түз эфир
Куран китебин окуп жаткан мусулман. Архив

Ошто дин кызматкерлерине 6000ге чукул китеп таратылды

© AFP 2018 / SANJAY KANOJIA
Коом
Кыскача шилтеме алуу
77 0 0

Аталган китептер өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты өткөргөн жыйында таратылды.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Ош облусунда дин кызматкерлерине 5400 даана дин китептер таратылды. Бул тууралуу муфтияттан билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган китептер өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты жана Ош облусунун мусулмандар казыяты менен биргеликте өткөргөн "Ыймандан дилим тазарат" аттуу жыйынга катышкан 400дөн ашык мечит имамдарына, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө таратылды.

Мындан сырткары, Ош облустук казыяты тарабынан даярдалган "Ыйман, адеп жана маданият" темасындагы 600 даана атайын колдонмо баракча тапшырылды.

Тема боюнча

Чубак ажы менен Абдишүкүр ажы Новосибирскидеги мекендештерден кабар алды
Түптө имамдар билимин тереңдетип жатат
Белгилер:
китеп, Муфтият, Ош
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ