Бир ай мурда Тоң районун ата-бала короосуна кирип келген карышкырды муунтуп өлтүрүшкөн. Жырткыч менен кармашта жаракат алган Кадыржан Шаршенбек уулу Балыкчы шаардык ооруканасына жаткырыган.
Карышкырлар дагы деле айылга түшүп, короолорго чейин кирип келүүдө. Кеч кирээри менен айыл эли жырткычтын бар-жогун бири-биринен телефон аркылуу билип, болгон учурда унаа менен айылдын сыртына кууп чыгып жатышканын айыл тургуну Шаршенбек Абакиров Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.
—Каракол шаарындагы экспертизанын жыйынтыгы чыккыча карышкыр тийген малдын этин жегендер болгон жокпу?
—Жок, таң атаары менен эле ветеринарлар келип, "карышкыр тийген малдын этин жебегиле, жырткыч кутурган болушу мүмкүн" деп эскертүү беришкен.
— Кечээ айылда бир нече мал өрттөлгөн турбайбы?
— Жергиликтүү бийлик карышкыр тийген малдын баарын жок кылабыз деп бир тобун өрттөштү. Дагы бир нечесин карантинге алып койду. Эми айылдыктар жакшынакай турган малыбыздан ажырайбызбы деп санаа тартып турат. Мисалы, менин карантинде турган жылкымды банктан насыя алып, сатып алган элем. Эми аны өрттөп салышса кредитти кантип төлөйм? Кошунамдын малын карышкыр толугу менен кырып кетип, "кара короо" болуп калды. Алар да ыйлап отурат. Өкмөт жардам берип койсо жакшы болот эле. Азыр абалыбызды сураган киши жок, айылдыктар өзүбүз менен өзүбүз болуп жатабыз.
— Карышкырлар дагы деле айылга түшүп атабы?
— Ооба, кечээ кечинде эле айылга түшкөн экен, телефон менен байланышып чогулуп, машина менен айылдын сыртына чейин кууп чыктык. Азыр негизи эле айылдаштардын коркуп турган кези. Дааратканага барсак дагы айры, күрөк көтөрүп барып жатабыз.
"Кутурма өтө корнукучтуу илдет экенин билебиз. Ошол себептен, кутурган жырткыч тишин, тырмагын тийгизген бардык малды жок кылууга туура келип атат. Муну элге түшүндүрдүк. Ал эми насыяга алынган мал боюнча кредит берген банктар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Алар карызды кечип же кыскартып бербей турганын айтышты. Болгону төлөө мөөнөтүн узартып беришет экен. Ошондуктан банкка карыз болгон тургундар айыл өкмөтүнө кат менен кайрылсын деп атабыз. Жашоочулар арасында мамлекеттен компенсация күткөндөр бар. Мыйзамда мамлекет мындай учурда жоготуунун ордун толтуруп берет деп жазылган эмес", — деди Алымбеков.
Акимдин орун басары курал алып жүрүүгө уруксаты бар жергиликтүү тургундарга карышкырларды атуу үчүн ок-дарылар таратылып берилгенин кошумчалады.