Илим Карыпбековго дагы 13 донордун каны керектелүүдө

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүДень донора в Республиканском центре крови в Казани
День донора в Республиканском центре крови в Казани - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КТКР жетекчиси 1-мартта жол кырсыгына кабылып, оор абалда ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Коомдук телерадиокорпорациясынын (КТРК) жетекчиси Илим Карыпбековго дагы 13 донордун каны керек болуп жатканын Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, бүгүн 2-мартта саат 13.00гө карата 15 донордун каны алынган.

"Кан берүүнү каалагандардын саны көп болду. Бирок айрымдарыныкы жарабай калды. Учурда кеминде дагы 13 донор керек болуп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Илим Карыпбековго кан бергиси келген жарандар 2-март күнү саат 15.00гө чейин, 3-мартта 8.00дөн 14.00гө чейин Тынчтык проспектиси, 60 дарегинде жайгашкан Кан борборуна келип тапшырса болот (бардык топтогу кан алынат).

ДТП с Илимом Карыпбековым - Sputnik Кыргызстан
Илим Карыпбековдун талкаланган автоунаасы. Айып короодон алынган кадрлар
Кошумча суроолор туулса 54-19-13, 56-10-74 номурлары аркылуу байланышка чыгууга болот.

Эске салсак, 1-мартка караган түнү Карыпбеков Бишкектеги Аалы Токомбаев көчөсү менен Range Rover машинасын айдап келе жатып, жол четинде турган түркүктү сүзгөн. Ал оор абалда Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна алып келинген. Карыпбековго эки сааттай операция жасалып, абалы оор деп бааланган.

Илим Карыпбеков кабылган жол кырсыгы тартылып калган видеону Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан көрсөңүз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0