Ажыга баруу документтеринин кандай толтуруларын мобилдик тиркемеден билүүгө болот

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүЗыяратчы. Архив
Зыяратчы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Сауд Аравиясына баруу үчүн ушу тапта 2 622 кыргызстандык каттоодон өттү.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ажыга баруу үчүн документтердин толтурулушу көрсөтүлгөн мобилдик тиркеме даярдаганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн маалымат жыйында муфтийдин орун басары Акимжан Эргешов билдирди.

Тиркеме бир нече күндөн кийин iOS жана Android колдонуучулары үчүн жеткиликтүү болот.

"Кыргызстандыктар аталган тиркемени Play Market жана AppStore магазиндеринен бекер жүктөп алса болот. Ал аркылуу зыяратка бара турган адам документтердин толтурулушун көзөмөлдөй алат. Бул абдан ыңгайлуу функция", — деди Эргешов.

Ал муфтияттын сайтында зыяратчыларды онлайн-каттоо да жүрүп жатканын кошумчалады. Эргешовдун айтымында, Кыргызстанга былтыркыга салыштырмалуу 900гө көп квота берилип, 4 585ти түздү. Ушу тапта 2 622 кыргызстандык каттоодон өткөн. Ажылык сапардын баасы 2600 доллардын тегерегинде, анын 1550 доллары жол кире болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0