Google компаниясынын жетекчиси жети жашар кыздын катына жооп берди

© AFP / LLUIS GENEGoogle компаниясынын башкы директору Сундар Пичаинин архивдик сүрөтү
Google компаниясынын башкы директору Сундар Пичаинин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу Британиядан Хлоя Брайтуотер аттуу жети жашар кыз Google компаниясынын жетекчисине аталган компанияда иштегиси келерин айтып кат жазган.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Google компаниясынын башкы директору Сундар Пичаи Улуу Британиядагы жети жашар кыздын катына жооп берди. Бул тууралуу РИА Новости Business Insider басылмасына шилтеме берип кабарлады.

Маалыматка ылайык, Хлоя Брайтуотер аттуу жети жашар кыз Google компаниясынын жетекчисине аталган компанияда иштегиси келерин айтып кат жазган.

"Урматтуу Google компаниясынын жетекчиси. Мен чоңойгондо Google компаниясында иштегим келет. Ошондой эле мен шоколад чыгарган фабрикада иштеп, Олимпиадада сууда сүзгүм келет… Компьютерлерди жакшы көрөм. Азыр менин оюндарды ойногон планшетим бар", — деп жазылат жети жашар кыздын катында.

Microsoft жана Google компанияларында күч сынаган Акжол
Хлоя катында буга чейин Аяз атага гана кат жазганын билдирди.

"Ошондой эле менин атам сизге резюме жөнөтүшүм керектигин айткан. Мен анын эмне экенин жакшы деле билбейм… Менин катымды окуганыңыз үчүн рахмат. Буга чейин мен сизден башка Аяз атага гана кат жөнөткөм", — деп жазган жеткинчек.

Бир топ убакыт өткөндөн кийин Пичаи кызга "сен окууңду аяктап резюме жиберишиңди чыдамсыздык менен күтөм" деп жооп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0