Жогорку Кеңеш "Өлбөс полктун" уюштуруучуларына ыраазы болду

© Sputnik / Табылды КадырбековАкция "Бессмертный полк" в Бишкеке
Акция Бессмертный полк в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өлбөс полк" — 9-майга карата жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык ири акция. Ал Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана катышуучулардын элесине арналып, жүрүштө согушта курман болгондордун жакындары алардын сүрөттөрүн кармап өтөт.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары "Өлбөс полк" жөө жүрүшүнүн уюштуруучуларына ыраазычылык билдиргенин Sputnik Кыргызстан агенттигине акциянын Кыргызстандагы координатору Алена Смирнова билдирди.

Өлбөс полк жөө жүрүшүнүн катышуучусу. - Sputnik Кыргызстан
Баатырлардын урпактары — "Өлбөс полк" жөө жүрүшүндөгү кадрлар
"Өлбөс полк" — 9-майга карата жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык ири акция. Ал Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана катышуучулардын элесине арналып, жүрүштө согушта курман болгондордун жакындары алардын сүрөттөрүн кармап өтөт.

Смирнованын айтымында, эл өкүлдөрү ыраазычылык иретинде уюштуруучуларга Кыргызстан тууралуу китеп тапшырышкан. Белек "Өлбөс полктун" Томскидеги элдик штабына өткөрүлдү.

Аталган акциянын медиа-борборунун жетекчиси Денис Бевз "Өлбөс полктун" негизинде улууларды урматтоо сыяктуу кыргыздардын каада-салты камтылганын белгиледи.

"Өлбөс полкко" кыргызстандыктар 2012-жылы кошулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0