Киши бою менен тең кар жаап азык-түлүксүз калган чаткалдыктар жардамга муктаж

© Фото / Зульфия ТургуноваСильный снегопад в Чаткальском р-не Ошской области
Сильный снегопад в Чаткальском р-не Ошской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чаткал районуна беш күндөн бери тынбай жааган кардын калыңдыгы эки метрден ашкан. Жергиликтүү тургундар жолдор жабылып калгандыктан дүкөндөрдө азык-түлүк түгөнүп бара жатканын билдиришүүдө.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Чаткалга түшкөн калың кардын айынан жергиликтүү жашоочулар азык-түлүксүз калгандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысына Чаткал районунун Ак-Таш айылынын тургуну Жанарбек Рысдөөлөтов билдирди.

Анын айтымында, аталган райондун аймагына беш күндөн бери тынымсыз кар жаап, калыңдыгы үч метрге чейин жеткен.

"Үйдөн чыгып 500 метр аралыкка жөө басууга болот. Андан ары башка айылдарга, райондун борборуна же коңшулаш Аксы, Ала-Бука райондоруна чыгууга такыр мүмкүнчүлүк жок. Азыр дагы кар себелеп жатат", — деди Рысдөөлөтов.

© Фото / Зульфия ТургуноваЧаткалда беш күндөн бери тынымсыз кар жаап, калыңдыгы үч метрге чейин жеткен
Чаткалда беш күндөн бери тынымсыз кар жаап, калыңдыгы үч метрге чейин жеткен - Sputnik Кыргызстан
1/3
Чаткалда беш күндөн бери тынымсыз кар жаап, калыңдыгы үч метрге чейин жеткен
© Фото / Зульфия ТургуноваҮйдөн чыгып 500 метр аралыкка жөө басууга болот. Андан ары башка айылдарга, райондун борборуна же коңшулаш Аксы, Ала-Бука райондоруна чыгууга такыр мүмкүнчүлүк жок
Үйдөн чыгып 500 метр аралыкка жөө басууга болот. Андан ары башка айылдарга, райондун борборуна же коңшулаш Аксы, Ала-Бука райондоруна чыгууга такыр мүмкүнчүлүк жок - Sputnik Кыргызстан
2/3
Үйдөн чыгып 500 метр аралыкка жөө басууга болот. Андан ары башка айылдарга, райондун борборуна же коңшулаш Аксы, Ала-Бука райондоруна чыгууга такыр мүмкүнчүлүк жок
© Фото / Зульфия ТургуноваӨКМдин маалымат кызматы №27 жол тейлөө кызматына жолдорду тазалоо иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилгенин билдирди.
ӨКМдин маалымат кызматы №27 жол тейлөө кызматына жолдорду тазалоо иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилгенин билдирди. - Sputnik Кыргызстан
3/3
ӨКМдин маалымат кызматы №27 жол тейлөө кызматына жолдорду тазалоо иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилгенин билдирди.
1/3
Чаткалда беш күндөн бери тынымсыз кар жаап, калыңдыгы үч метрге чейин жеткен
2/3
Үйдөн чыгып 500 метр аралыкка жөө басууга болот. Андан ары башка айылдарга, райондун борборуна же коңшулаш Аксы, Ала-Бука райондоруна чыгууга такыр мүмкүнчүлүк жок
3/3
ӨКМдин маалымат кызматы №27 жол тейлөө кызматына жолдорду тазалоо иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилгенин билдирди.

Ал билдиргендей Ак-Таш айылы райондун борборунан 50 чакырым алыстыкта жайгашып, анда 170 түтүн жашайт. 

"Кар минтип калың жаай турганын билбегендиктен азык-түлүктү алдын ала камдаган эмеспиз. Эми жергиликтүү дүкөндөрдө азык-түлүк түгөнө баштады. Тиешелүү кызматтардан жардам сурайбыз. Элге эң негизгиси азык-түлүк керек", — деди тургун. 

Ал эми ӨКМдин маалымат кызматы №27 жол тейлөө кызматына жолдорду тазалоо иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилгенин билдирди.

"Чаткал районуна калыңдыгы эки метрге жеткен кар түштү. Учурда Жол тейлөө кызматына авто жолдорду тазалоо тапшырмасы берилди. Ал эми айыл округдардын башчыларына үйлөрдүн чатырларын кардан арылтуу иштерин жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү иштери жүктөлдү", — деп айтылат маалыматта. 

Сход лавины в Чон-Алайском районе Ошской области - Sputnik Кыргызстан
Чоң-Алайда көчкү алдында калгандар: ошол күнү эки ирет көчкү алдында калдык
Чаткал районунун акиминин биринчи орун басары Жуман Макетаев учурда мектептер жабылып жатканын билдирди.

"Шарттын катаалдыгына байланыштуу сегиз мектеп, 13 бала бакча убактылуу ишин токтотту. Ал эми үйлөрдүн чатырларынан жана башка имараттардан карды тазалоого жашоочулар тартылды", — деди Макетаев.

Ал белгилегендей Чаткал — Ала-Бука унаа жолун тазалоого 27-жол тейлөө башкармалыгынын кызматкерлери чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0