Социалдык тармакта "Антикит" флешмобу өтүп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековФото со страницы Facebook пользователя ‎El Dorado
Фото со страницы Facebook пользователя ‎El Dorado - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин кыргызстандык өспүрүмдөр "морекитов", "тихийдом", "явигре" жана "разбудименяв420" хэштегдери менен бөлүшө баштаганы маалым болгон.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Социалдык тармактарда #берегижизнь жана #любитьжизнь деген хэштегдер менен бөлүшүү боюнча флешмоб башталды.

"Антикиттин" автору Бишкек мэриянын маалымат катчысы Гуля Алмамбетова болуп эсептелет. Ал жаңы оюн киргизип жатканын жазып чыкты.

"Ар бир катышуучу #берегижизнь жана #любитьжизнь деген хэштегдер менен бөлүшүүсү керек. Максаты — жашоону сүйүүгө чакырык жасоо. Оюн өмүр бою уланат", — деди Алмамбетова.

Буга чейин кыргызстандык өспүрүмдөр "морекитов", "тихийдом", "явигре" жана "разбудименяв420" хэштегдери менен бөлүшө баштаганы маалым болгон. Ал эми Россиянын укук коргоо органдары бул оюндар балдардын суицид жасашына тиешеси бар экенин айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0