Нарында 225 орундуу жаңы мектеп ачылды

© Фото / Нурзада МукашеваОткрытие школы в селе Жалгыз-Терек
Открытие школы в селе Жалгыз-Терек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин мектеп окуучулары 1965-жылы колдонууга берилген авариялык абалдагы эски мектепте билим алып келишкен.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Нарын районуна караштуу Жалгыз-Терек айылында 225 орундуу жаңы мектеп ачылды. Бул тууралуу Нарын облусундагы аймактык кабарчы билдирди.

© Фото / Нурзада МукашеваНарын районуна караштуу Жалгыз-Терек айылында 225 орундуу жаңы мектеп ачылды.
Нарын районуна караштуу Жалгыз-Терек айылында 225 орундуу жаңы мектеп ачылды. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Нарын районуна караштуу Жалгыз-Терек айылында 225 орундуу жаңы мектеп ачылды.
© Фото / Нурзада МукашеваБуга чейин мектеп окуучулары 1965-жылы колдонууга берилген авариялык абалдагы эски мектепте билим алып келишкен.
Буга чейин мектеп окуучулары 1965-жылы колдонууга берилген авариялык абалдагы эски мектепте билим алып келишкен. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Буга чейин мектеп окуучулары 1965-жылы колдонууга берилген авариялык абалдагы эски мектепте билим алып келишкен.
1/2
Нарын районуна караштуу Жалгыз-Терек айылында 225 орундуу жаңы мектеп ачылды.
2/2
Буга чейин мектеп окуучулары 1965-жылы колдонууга берилген авариялык абалдагы эски мектепте билим алып келишкен.

Маалыматка ылайык, буга чейин мектеп окуучулары 1965-жылы колдонууга берилген авариялык абалдагы эски мектепте билим алып келишкен.

"Буга чейин Рысбек Усубалиев атындагы орто мектептин 234 окуучусу үч сменде билим алып келишкен. Эми эки кабаттуу жаңы мектеп ачылып, айыл эли менен бирге кубанып турган чагыбыз. Мындан ары окуучулар бир сменде окуп, түштөн кийин усулдук жана окуу-тарбиялык иштер менен алектенишет. Жаңы салынган мектептин ичинде китепкана, спорт зал, жыйындар залы, балдар чечинип-кийинүүчү жай дагы бар", — деди мектеп директору Алмазбек Сейитказиев.

Анын айтымында, билим берүү жайынын курулушуна жалпысынан 47,5 миллион сом сарпталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0