Базар-Коргондогу жардамга муктаж үй-бүлөлөргө мүшөктөп көмүр таратылды

© Sputnik / Табылды КадырбековПодготовка к зиме в Кыргызстане
Подготовка к зиме в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Райондун баш имам хатиби мындай жардамдар улантылаарын баса белгилеп, жардамга муктаждардын социалдык мүдөөсүн чечүүгө бардык аракеттер жумшала тургандыгын кошумчалады.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын демилгеси менен Базар-Коргон районундагы жардамга муктаж, социалдык абалы оор 25 үй-бүлөгө 15 мүшөктөн көмүр таратылды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Ал эми Базар-Коргон районунун баш имам хатиби мындай жардамдар улантылаарын баса белгилеп, жардамга муктаждардын социалдык мүдөөсүн чечүүгө бардык аракеттер жумшала тургандыгын кошумчалады.

Муфтият буга чейин "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына кулаган учактан жабыркагандарга төрт миллион сомго жакын каражат таратып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0