Андан сырткары, акыркы мезгилде банкоматтарга скимминг (картанын PIN-кодун жана андагы маалыматтарды чогултуучу электрондук түзүлүш) орноткон фактылар дагы көбөйүп, анын аркасында алдамчылык операциялардын саны кескин жогорулоодо.
1. Акчаны сактоодо жана колдонууда картанын кайсы түрү ыңгайлуу?
Банктык карталардын дебеттик деп аталгандары коммерциялык банктар тарабынан берилет. Кыргызстанда мындай картанын жардамы менен терминалдар же башка жабдуулар аркылуу соода жасоого, кызмат акысын төлөөгө жана түрдүү валютада накталай акча алууга болот. Кардар картадагы каражатын өз керектөөсүнө жараша жумшай алат.
Ал эми кредиттик картанын жардамы менен картада акча жок болуп калган учурда банк тарабынан кошумча берилген сумманы колдонууга болот. Ал үчүн кардар алган айлыгына жараша банк менен келишим түзөт. Андан соң гана айлык маянанын өлчөмүнө ылайык, кошумча каражат берилет.
2. Картаны жаңы алып жатканда эмнени эске алуу зарыл?
Төлөм карталарды алып жаткан учурда, биринчиден, коммерциялык банкты тандоо керек. Андан соң анын кызмат көрсөтүү баасына, жеңилдиктери жана башка тейлөө акысына көңүл буруу кажет.
3. Эгер төлөм картаңызды жоготуп алсаңыз кандай аракеттерди көрүү керек?
Картаны жоготуп же уурдатып жиберсеңиз тез арада төлөм картасын берген банкка кайрылуу керек. Же болбосо кардарлардын чалууларын кабыл алган борбор менен байланышуу зарыл. Бул учурда тиешелүү адистер төлөм картасынан акча алууга автоматтык түрдө бөгөт коет.
4. Кайсы валюта менен операцияларды ишке ашыруу арзан түшөт?
5. Төлөм карталарын кантип сактоо зарыл?
Негизинен картаны суудан, ысыктан, электромагниттик жана механикалык таасирлерден сактоо керек. Күнүмдүк жашоодо аны ар кайсы жерге таштап, башка бирөөгө берүүгө болбойт. Карта менен төлөп жатканда өзүңүздүн катышууңуз же байкооңуз менен аткарылышын талап кылыңыз.
6. Картадагы акчаны уурдатып жибербеш үчүн кандай аракеттерди көрүү абзел?
Төлөм картаны алып жатканда жеке идентификациялык код берилет. Анын жардамы менен өз каражатыңызды пайдалана аласыз. Кодду картага жазууга тыюу салынат, ошондой эле экөөнү чогуу сактоого да болбойт. Кандай гана учур болбосун ПИН-кодуңузду эч кимге бербеңиз, түрдүү операцияларды аткаруу маалында сырттан карап турган адам болбогону оң, мындан тышкары, акча алуу үчүн башка бирөөлөрдөн жардам сурабаганга аракет кылуу зарыл. Өз картаңыздын номерин, банктын жана кардарларды колдоо борборунун телефон номерлерин жазып, жаныңызга ала жүрүңүз. Картага дагы накталай акчадай эле мамиле кылуу керек. Колдон келишинче акчаны банк жана мекеменин ичинен алууга аракет кылыңыз.
7. Комиссиялык төлөм көп өлчөмдө алынса эмне кылуу керек?
Кошумчалай кетсек, Улуттук банктын маалыматына ылайык, өлкө аймагында карта колдонуучулардын саны бир жарым миллиондон ашты. Ал эми бюджеттик мекемелерде эмгектенгендердин 93 пайызы улуттук "Элкарт" төлөм картасын пайдаланууга өткөн.