Дубайда сойкулукка мажбурланды делген кыз Кыргызстанга келди

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Манас" аэропортунун учуп келүү залы. Архив
Манас аэропортунун учуп келүү залы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апасынын билдирүүсүнө караганда кызын Дубайда сойкулук менен алектенүүгө мажбурлашкан, баш тартканда аны сабап, кордошкон.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Дубайда сойкулукка мажбурланды делген кыз 25-январда таңкы саат 4:40тар чамасында Бишкекке келип конгонун Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы билдирди.

2016-жылдын 29-декабарында акыйкатчы Кубат Оторбаевге Бишкек шаарынын тургуну 27 жаштагы кызын Дубайдан таап, кайтарып келүүгө жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган. Жарандын айтымында, анын кызы 23-декабрда Дубайга иштөө үчүн кеткен. 

© Фото / пресс-служба акыйкатчы КРДубайда сойкулукка мажбурланды делген кыз 25-январда таңкы саат 4:40тар чамасында Бишкекке келип конду
Кыргызстанка, освобожденная из сексуального рабства в Дубае, в аэропорту Манас - Sputnik Кыргызстан
Дубайда сойкулукка мажбурланды делген кыз 25-январда таңкы саат 4:40тар чамасында Бишкекке келип конду

Апасынын билдирүүсүнө караганда кызын аталган шаарда сойкулук менен алектенүүгө мажбурлашкан, баш тартканда сабап, кордошкон. Акыйкатчы институту менен Тышкы иштер министрлигинин аракеттери менен ал кыз табылган.

"Манас аэропортунан аны апасы, 7 жана 3 жаштагы балдары, Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү тосуп алышты. Маектешүүнүн жыйынтыгында, апасынын кооптонуулары тастыкталды", — деп айтылат маалыматта.

Акыйкатчы институту издөө иштерине жана кызды кайтарууга жардам берген бардык тараптарга ыраазычылык билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0