Дубайда сойкулукка мажбурланып жоголду делген Алина аман-эсен табылды

© AFP / Marcin WicharyКол кишен. Архив
Кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр 29-декабрда акыйкатчыга Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, Дубайга кетип жоголуп кеткен кызын кайтарууга жардам сураган.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Дубайда сойкулукка мажбурланып, кийин жоголуп кетти делген Алина түрмөдөн аман-эсен табылганын Кыргызстандын Акыйкатчы институту билдирди.

Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 29-декабрында акыйкатчыга Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, Дубайга кетип жоголуп кеткен кызын кайтарууга жардам сураган.

Айнектин артында турган кыздын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Түркияда мекендештери тарабынан кордолгон кыргыз кыз "туткундан" бошотулду
Жарандын айтымында, анын кызы Алина 2016-жылдын 23-декабрында Дубайга иштегени кеткен. Ал учуп келгенден кийин аны аэропорттон славян улутундагы аял тосуп алып, барда иштей турганын айткан. Кечинде аны сойкулук менен алектенүүгө мажбурлашкан. Макул болбогон кызды катуу сабагандан кийин Дубайдын полициясы келип кызды алып кеткенин Акыйкатчынын маалымат кызматы билдирди.

Алинанын бул жакта 7, 3 жана 1,5 жаштагы балдары калган.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Тышкы иштер министрлигине, Ички иштер министрлигине, Кыргызстандын Бириккен Араб эмирлигиндеги элчисине жана Башкы консулдукка кайрылган. Алинаны издөөгө Араб эмирлигиндеги кыргызстандыктар да катышкан.

"Алгач Башкы консул Дубайдын түрмөсүндө, моргунда жана полиция бөлүмдөрүндө Алинанын жоктугун билдирген. Андан кийин кыргызстандык жарандын паспорту менен башка бирөө Дубайдан чыгып кеткени айтылган", — деп айтылат маалыматта.

Мындай кабардан кийин акыйкатчы "Трэвэл Эмирейтс" ЖЧКсынын башкы директоруна кайрылган. Ишкана 2017-жылдын 3-январына Алинанын атына орун ээленип, кийин ал жокко чыгарылганын билдирген. Башкы консул Мээрим Аскарова Алинанын жаңы сүрөтүн жана паспортунун көчүрмөсүн алып, Араб эмирлигинин компетенттүү органдарына кайрылган. Ошондой эле эл аралык уюмдардан дагы жардам сураган.

"19-январда Швейцария фондунун өкүлү Дубайдагы миграциялык абакка барганда Алинаны сүрөттөн таанып, аны менен сүйлөшүп, апасына чалган. Жума жана ишемби күн Дубайда расмий эс алуу болгондуктан кыргызстандык жаранды чыгарып, мекенине жөнөтүү 2-3 күнгө жылдырылды", — деп айтылат маалыматта.

Акыйкатчы институту кыргызстандык жарандын мекенине кайтуусу үчүн Башкы консулдук менен Консулдук кызмат департаментинин адистери бардык керектүү жардамдарды берерин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0