Эгемберди Эрматов дүйнө салды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекеттик тил комиссиясынын мурдагы жетекчиси, экс-депутат, акын, драматург жана журналист Эгемберди Эрматовдун архивдик сүрөтү
Мамлекеттик тил комиссиясынын мурдагы жетекчиси, экс-депутат, акын, драматург жана журналист Эгемберди Эрматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анын сөөгү эртең кичи мекени Кадамжайда жерге берилет.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Мамлекеттик тил комиссиясынын мурдагы жетекчиси, экс-депутат, акын, драматург жана журналист Эгемберди Эрматов 66 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу Мамлекеттик тил комиссиясынан билдиришти.

Панихида народного поэта и героя КР Суйунбая Эралиева - Sputnik Кыргызстан
2016-жылы көз жумган атактуулар менен өлүмү кыргызды толгонткон кыз-келиндер
Акыркы кезде ал ооруп, ооруканада болчу.

Аталган комиссиядан маркум эртең, 25-январда кичи мекени Кадамжай районунда жерге берилээрин айтышты. 

Ал 2010-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2013-жылдан 2016-жылдын аягына чейин КР президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы болуп эмгектенген.

Эрматов 1951-жылы Баткен облусунун Кадамжай районунда туулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0