Кочкор: окуучулардын мушташынан соң билим берүү бөлүмүнүн башчысы иштен кетти

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүМектеп. Архив
Мектеп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кочкор айылындагы Капар Кыдыралиев атындагы мектептин окуучулары бычакташып, анын кесепетинен бир окуучу каза болду.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Нарын облусунун Кочкор районундагы мектеп окуучулары мушташып, бирөө каза болгондон кийин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматтан алынганын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Мушташ, бычакташуу, өлүм — тараптардын жүйөлөрү - Sputnik Кыргызстан
Мушташ, бычакташуу, өлүм — тараптардын жүйөлөрү
Белгилей кетсек, Капар Кыдыралиев атындагы мектептин окуучулары бычакташып, анын кесепетинен бир окуучу каза болуп, дагы бирөө ооруканага жактырылган болчу.

Белгилей кетсек, учурда билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева иш сапары менен Нарын облусунда жүрөт. Министр Кочкор, Ак-Талаа, Нарын райондорундагы жана Нарын шаарындагы мектептерди кыдырды. 

"Министр окуучулар бычакташкан мектепте дагы болуп, жабыр тарткан окуучунун абалы менен ооруканадан таанышты", — деп айтылат маалыматта.

Министр окуучулардын мушташы боюнча Кочкор районунун акими менен чогуу жыйын өткөрүп, мектептеги тарбия иштеринин начардыгы жана ата-энелер менен иштөө анчейин эместигин баса белгиледи.

Ошондой эле Кыдыралиев атындагы мектептин директорун кызматынан четтетүү тапшырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0