Кинорежиссер, Көк бөрү федерациясынын башкы катчысы Темир Дүйшекеев дүйнө салды

© Фото / Заир ИсаковРежиссер, публицист и генеральный секретарь Федерации кок-бору КР Темир Дюшекеев
Режиссер, публицист и генеральный секретарь Федерации кок-бору КР Темир Дюшекеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал "Ак кеме", "Эрте келген турналар", "Фудзиямадагы кадыр түн" кинотасмаларын тартууда экинчи пландагы режиссер болгон.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Белгилүү режиссер, публицист, Көк бөрү федерациясынын башкы катчысы Темир Дүйшекеев кечээ 74 жашында узакка созулган оорудан дүйнө салды. Бул тууралуу Киноматографияны өнүктүрүү фондусунан билдиришти. 

Панихида народного поэта и героя КР Суйунбая Эралиева - Sputnik Кыргызстан
2016-жылы көз жумган атактуулар менен өлүмү кыргызды толгонткон кыз-келиндер
Ал режиссерлуктан сырткары кинокартиналардын сценарийлеринин редактору да болуп эмгектенип келген. 

Темир Дүйшекеев 1943-жылдын 16-мартында туулган. Ал көптөгөн ыр, проза жыйнактарынын автору. Ошондой эле атактуу "Ак кеме", "Эрте келген турналар", "Фудзиямадагы кадыр түн", "Эл ичинде" кинолорду экинчи режиссер болуп кошо тартышкан. Өзүнүн "Салам сага, ак кеме", "Эл эмгегин жер жебейт", "Түркиядагы кыргыздар" даректүү кинолорун жараткан.

Мындан сырткары, "Көк бөрү" федерациясынын түзүлүшүнө, бул оюндун эрежелеринин иштелип чыгышына, дегеле көк бөрүнүн атагын чыгарып анын таралышына чоң эмгек жасаган.

Темир Дүйшекеев эртең, 9-январь күнү, жерге берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0