Кичине балаты, үшүдү кышта… Өлкө аймактарына коюлган жаңы жылдык балатылар

© Фото / Талгат БакиевНовогодние елки в регионах Кыргызстана — Джалал-Абад
Новогодние елки в регионах Кыргызстана — Джалал-Абад - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн аймактарында дагы жаңы жылдык балатылар коюлуп, шаарды жасалгалоо үчүн жергиликтүү бийликтен каражат каралган.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Жаңы жыл майрамынын алдында Кыргызстандын бардык аймактарынын борбордук аянттарына балатылар коюлду. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги аймактардагы балатылар менен окурмандарын тааныштырат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБорбор калаанын "Ала-Тоо" аянтына 25 метрлик балаты коюлду. Ага улуттук стилдеги 77 жасалга илинген
Тестовый запуск главной новогодней елки Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтына 25 метрлик балаты коюлду. Ага улуттук стилдеги 77 жасалга илинген

Бишкек

Борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтына 25 метрлик балаты коюлду. Ага улуттук стилдеги 77 жасалга илинген. Мындан тышкары, 60 жылдызча жана 50 кар бүртүкчөлөрү менен кооздолгон. Балатыдагы оюнчуктардын жалпы саны 1200дү түзөт. Ошондой эле узундугу 2,5 чакырымга жеткен 260 гирлянд илинди. Жаңы жылдык маанайды жаратуу үчүн Бишкек мэриясы 13 миллион сом сарптады. 

© Фото / Зульфия ТургуноваКыргызстандын экинчи борбору болгон Ош шаарына 30 метрлик балаты коюлду
Новогодние елки в регионах Кыргызстана — Ош - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын экинчи борбору болгон Ош шаарына 30 метрлик балаты коюлду

Ош

Кыргызстандын экинчи борбору болгон Ош шаарына 30 метрлик балаты коюлду. Жасалга иштерине 899 миң сом сарпталып, улуттук колоритте жасалгаланды. Калаанын борбордук аянтын кооздоо үчүн жалпы жонунан 1 миллион сомго сынак жарыяланган. 

© Фото / Айнура Дуйшок кызыНарын шаарынын борборуна 18 метрлик балаты коюлду
Новогодние елки в регионах Кыргызстана — Нарын - Sputnik Кыргызстан
Нарын шаарынын борборуна 18 метрлик балаты коюлду

Нарын

Нарын шаарынын борборуна 18 метрлик балаты коюлду. Шаарды жаңы жылга карата жасалгалоо үчүн шаардык бюджеттен 150 миң сом бөлүнгөн. 

© Фото / Талгат БакиевЖалал-Абад шаарынын борбордук аянтына бийиктиги 21 метр болгон балаты коюлду
Новогодние елки в регионах Кыргызстана — Джалал-Абад - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтына бийиктиги 21 метр болгон балаты коюлду

Жалал-Абад

Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтына бийиктиги 21 метр болгон балаты коюлду. Жаңы жылдык жасалга үчүн шаардык казынадан 550 миң сом жумшалган. 

© Фото / Элмира СуйутбековаТалас шаарынын борборуна коюлган балатынын бийиктиги 20 метрди түзөт
Новогодние елки в регионах Кыргызстана — Талас - Sputnik Кыргызстан
Талас шаарынын борборуна коюлган балатынын бийиктиги 20 метрди түзөт

Талас

Талас шаарынын борборуна коюлган балатынын бийиктиги 20 метрди түзөт. Жергиликтүү бюджеттен жасалгалоо иштерине 96 миң сом каражат бөлүнгөн. 

© Фото / Азамат АйтбаевЫсык-Көл облусунун борбору Каракол шаарына бийиктиги 20 метр болгон балаты орнотулду
Новогодние елки в регионах Кыргызстана — Каракол - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарына бийиктиги 20 метр болгон балаты орнотулду

Каракол

Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарына бийиктиги 20 метр болгон балаты орнотулду. Шаарды жаңы жылга карата кооздоо үчүн жергиликтүү бийлик 450 миң сом сарптады. 

© Фото / Улан МаккамбаевБаткен шаарына бийиктиги 11 метр болгон балаты коюлду
Новогодние елки в регионах Кыргызстана — Баткен - Sputnik Кыргызстан
Баткен шаарына бийиктиги 11 метр болгон балаты коюлду

Баткен 

Баткен шаарына бийиктиги 11 метр болгон балаты коюлду. Жасалгалоо үчүн мэриядан 100 миң сом бөлүнгөн.

Кыргызстандагы башкы балатынын жанышын Sputnik Кыргызстан видеосунун 360 форматынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0