31-декабрда Бишкектин айрым борбордук көчөлөрү жабылат

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтындагы унаалар. Архив
Ала-Тоо аянтындагы унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайгуул милиция башкармалыгы 31-декабрда борбордук негизги үч көчөнүн аймактары кайсы сааттарда жабылаарын айтып берди.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. 31-декабрда борбордук аянттын аймагындагы Чүй, Киев жана Абдымомунов көчөлөрү жабылат. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин Жол кайгуул кызматынын өкүлү Таалайбек Бугубаев билдирди.

Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тез жардам кызматы жаңы жыл түнү күчөтүлгөн режимде иштейт
Анын айтымында, 31-декабрда Ала-Тоо борбордук аянтында саат 12:00дөн 15:00гө чейин шаар тургундары үчүн майрамдык иш-чара өткөрүлөт. Саат 20:00дө ошол эле жерде жаңы жылдык концерт башталат. Салтанат түн жарымда 2017-жылды тосуу, салют атуу менен аяктайт.

Бугубаевдин айтымында, Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки аймагы эртең мененки саат 8:00дөн 1-январга чейин тосулат. Ал жерден автоунаалар өтө албайт.

Ошондой эле Абдымомунов көчөсүнүн аймагындагы эски аянт жайгашкан Раззаков жана Орозбеков көчөсүнө чейинки тилке айдочуулар үчүн жабылат. 

"Киев көчөсү Эркиндик проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейин жабылат. Ал көчө автобус жана троллейбустар үчүн гана ачык болот, ал эми маршрутканын өтүүсүнө тыюу салынат. Абдымомунов жана Киев көчөлөрү саат 17:00дөн майрамдык иш-чаралар бүткөнгө чейин тосулат", — деди Бугубаев.

Кайгуул милиция башкармалыгы айдоочулардан жол кыймыл эрежелерди сактоо жана жолдо сак болууну өтүнөт.

Бишкекте өтө турган жаңы жылдык иш-чаралардын программасын Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0